Жайкы Азия оюндары: Айсулуу Тыныбекова Олимпиадада жеңилип калган индиялык балбанды утуп, финалга чыкты











Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Жайкы Азия оюндарында кыз-келиндер арасындагы мелдештин финалына чыкты.
Бүгүн, 20-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдеште Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп жатат. Жарым финалда Тыныбекова "Рио-2016" Олимпиадасынын медалчысы индиялык Сакши Малик менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында Тыныбекова 8:7 эсеби менен жеңишке жетип, финалга аттанды.
Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жарым чейрек финалда түндүк кореялык Жонг Сим Римди, жарым финалда кытайлык Руи Хюну утуп алган.
"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында кыз-келиндер арасында кармашта Тыныбекова коло медаль үчүн кармашта Индиянын спортчусу Малик Сакши менен кез келип, утулуп калган.

балбан кызыбызды.
Кыргыздын дилин тилегин жараткан Тенир берет. Кыйынчылыкта Манас атабыздын духу колдойт, куч кубат берет. Ич куйдулук болбосун. Жамандыкты жакшылыкты Манас атабыздын деми менен баштайбыз. Манас Атабыз бизди шыктандырат.