super.kg logo
  Саясат  

Түркмөнстандын президенти 56 жашка толгонун Каспий деңизинин жээгинде белгиледи. Аны Женнифер Лопес, Филипп Киркоров өңдүү атактуулар куттукташты

 

30-июнда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Каспий деңизинин жээгиндеги “Аваза” туристтик аймагында өзүнүн 56 жашка толгонун белгиледи. Анда дүйнөлүк шоу-бизнес жылдыздары ачык асман алдында концерт берип, түркмөн башын куттукташты. Коноктордун алдына алгач ырчы Филипп Киркоров чыгып ырдап, президентти түркмөн тилинде куттуктады. Ошондой эле өлкө башчыны жылдыздар Сати Казанова, Ани Лорак, Мустафа Сандал, Нанси Аджрам, “Рефлекс” тобу куттукташты. Кеченин кульминациялык бөлүгү болуп дүйнөгө белгилүү поп ырчы Женнифер Лопестин Гурбангулы Бердымухамедовду куттуктап, “Happy birthday, mister president” ырын ырдаганы болду. Белгилей кетчү жагдай, Түркмөнстандын учурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов мурдагы кесиптеши Сапармурат Ниязовго караганда заманбап ырчыларга дээрлик чоң басым жасайт. 






Женнифер Лопес Түркмөнстан президентинин туулган күнүнө карата ыр арнады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: