super.kg logo

Маркум Салтанат Саматовага куран окутабыз деп акча сураган шылуундар пайда болду

 

Жакында эле каза болгон телевидениенин отличниги Салтанат Саматованын атын пайдаланып акча тапкысы келген шылуундар пайда болду. Алар "эртең, 21-август Курман айтка карата маркумга куран окутабыз" деп шоу-бизнестин өкүлү Талас Амантуровго кат жөнөткөн. Ырчы куран окутуу тууралуу кат бүгүн, 20-августта келгенин айтып, буларга токтолду.

"Эртең менен мага кат келди. Ачсам "Кыргыз драма театрында маркум Салтанат Саматовага куран окутабыз. 1 жарым миң сомдон чогултуп жатабыз" деген билдирүү келиптир. Мен жооп жазган эмесмин. Андан кийин ошол эле номерден мага байланышка чыгып "куран окутканга кошуласыңбы?" деди. Мен макул десем, номерге бирдик иретинде салып коюшумду айтты. Ошондо ал адамдан шекшип, маркумдун жакын кесиптеши, досу Эркин Рыскулбековдон сурасам, эч кандай куран окутпай турганын билдирди", - дейт ырчы.

Ал эми алып баруучу Эркин Рыскулбеков бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына "Бирөөнүн кайгысынан акча табууну максат кылган шылуундар баарына даяр. Мындай өңүттөгү билдирүүлөргө ишенбегиле!" деп жазып, коомчулукту этият болууга чакырды.

"Мага ырчы Талас Амантуров телефон чалып "Салтанат Саматовага куран окутулабы, мага ушундай билдирүү келди" деп калды. Мен куран окутуу боюнча иш-чара болбой турганын айттым. Анан жанагы кат жөнөткөн номерге чалсам, албай койду. Бир сааттан кийин кайра мага чалып "Атым Айбек, "АЮ Гранд Комфорттон" чалып жатам. Эртең Салтанат Саматовага куран окуталы дегенбиз" деп айтты. Мен дароо эле куран окута турган болсоңор, чакыргыла, бирдик салып койгула дебей десем, телефонун коюп салды. Кайра байланыша алган жокпуз. Бирдик салып кой деп элди алдаган шылуундар көп. Ал эми бирөөнүн кайгысынан акча тапкысы келгендердин кылганы акылга сыйбай турган иш. Салтанат Саматова десе аны жакшы көргөн, сыйлагандар бирдик болсо деле салып койгонго даяр. Ошондуктан дароо социалдык тармакка чыгардым", - дейт Рыскулбеков.

Белгилей кетсек, 15-августта алып баруучу, тамада, ди-джей Салтанат Саматова 46 жашында узакка созулган оорудан каза болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(4)
20.08.2018. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Зонадагы зектер
20.08.2018. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр Кудайдын атын жамынып алып элдин башын айланткандар андан коп.
20.08.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Дагы бир диний шарлатандар да.
20.08.2018. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Оо энең Айбектин атын булгаган) менин атымда Айбек кудайдан коркпогондор бир адамдын кайгысынада ушундай акча табабы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: