super.kg logo

Бишкекте Курман айт намазы окулду (сүрөт, видео)

 
Бишкекте Курман айт намазы эски аянтта окулду
Намаз окууга келгендерге дин аалымдары баян айтып беришти
Депутат Канат Исаев уулу менен келди
Бийлик өкүлдөрү
Айт намаздары жалгыз окулбастан, жамаат менен бирге окулат
Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев сөз сүйлөп, президенттин атынан куттуктады
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков
Бишкектин мэри Азиз Суракматов
Айт намаздары жалгыз окулбастан, жамаат менен бирге окулат
Бийлик өкүлдөрү
Алакан жайып дуба кылышты
Дин аалымдары баян айтты

Бүгүн, 21-август - Кыргыз өлкөсүндө Курман айт майрамы. Учурда Бишкек шаарынын тургундары жана шаардын коноктору Курман айт намазын окуу үчүн эски аянтта чогулушууда.

Муфтияттын түзгөн программасына ылайык, саат 06:30дан 07:15ке чейин дин аалымдары баян айтып, 07:15тен 07:35ке чейин муфтийдин орун басарынын куттуктоосу жана баяны, 07:35тен 07:45ке чейин өкмөттүн куттуктоосу, 07:45те Айт намазы окула баштайт.

Буга байланыштуу эски аянтка жакын көчөлөрдө унаа кыймылына да чектөө киргизилген. Алсак, Фрунзе көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүнө, Абдымомунов көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Чүй кең көчөсүнөн Фрунзеге чейинки бөлүгүнө чектөөлөр киргизилген.

Учурда шаардык мусулмандар казысы Садридин Мажитов баян айтып, жалпы мусулмандарды муфтийдин атынан жана өзүнүн атынан куттуктап кетти.

7:10. Садыбакас Доолов баян айтып жатат. Ал аянтка чогулгандарга Айт намазын окугандан кийин намазга чейинки адамдарга болгон душмандык, кекчилдикти жууп салуу керектигин айтты. Ал "Алла 2 рекет намазыңды оку, андан кийин курмандыгыңды чалгын. Шүгүр кылып мага сыйынсаңар, береримди арттырамын дейт" деп айтты.

7:15. Муфтийдин орун басары Замир Ракиев баян айтып жатат. "Кыргыз элимди Курман айт майрамы менен куттуктайм. Үйүңүздөргө тынчтык, ынтымак, токчулук каалайм. Куттуу Курман айт майрамы Алла тарабынан берилген. Бул кайрымдуулукка чакырат" деп муфтий Максатбек Токтомушевдин куттуктоосун окуп берди.

7:25. Замир Ракиев "бул дүйнөдөн өтүп кеткендерге арнап мал союп, көзү тирүү кезде ата-энеңиздин ыраазычылыгын алып калыңыздар" деди.

7:30. Замир Ракиев мусулмандарды жакшылыкка чакырып, колунан келген адамдар курмандык чалуусу керек экендигин айтууда. "Кимде ким колунан келип туруп курмандык чалбаса, алар биздин арабызга кошулбасын деп айтылат. Ушул жерден намаз окуп кайтканда тазаланалы. Аллага сыйынуу бул мекенге болгон сыйынуу, урмат-сый. Бүгүн баарыбыз бири-бирибизди куттуктайлы, кечиришели" деди.

7:37. Чогулгандарга жетимди башынан сылап, жардам берүүгө чакырды. "Пайгамбардын сүннөтүн аткаруу эч кимге зыян келтирген эмес. Пайгамбардын сүннөтүн аткаралы. Пайгамбарыбыз айтат, ким жетимдин башынан сыласа, ошол жетимдин башындагы түк канча болсо ошончо сооп алат деген. Жетим-жесир, колунда жокторго ырайым колубузду узаталы".

7:40. Президенттик аппараттын башчысы болуп Досалы Эсеналиев сүйлөп, президент Сооронбай Жээнбековдун "бардык мусулмандарды, Курман айт майрамы менен куттуктайм. Өлкөдө тынчтык, токчулук болсун. Баарыңыздардын үй-бүлөңүздөргө жакшылык каалайм" деген куттуктоо сөзүн окуп берди.

7:43. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековго сөз берилди.

7:45. Бишкек шаарынын башчысы Азиз Суракматов сөз сүйлөп, шаар тургундарын жана конокторун Курман айт майрамы менен куттуктады. "Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары, коноктору, Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм. Бул майрам майрамдардын улуусу. Үй-бүлөңүздөргө тынчтык, жакшылык каалайм", - деди Суракматов.

7:47. Учурда дин аалымдары чогулган элге Айт намазын окуунун шарттарын түшүндүрүүдө.

7:49. Бишкектеги эски аянтта Курман айт намазы окулуп баштады.

7:51. Эки рекет Курман айт намазы окулуп бүттү. Айт намаздар эки рекеттен турат. Жалгыз окулбастан, жамаат менен бирге окулат.

8:07. Курман айт намазы окулуп бүткөндөн кийин курман болгон мусулмандарга багышталып куран окулуп, бата тиленди.

8:07. Курман айт намазы окулуп бүттү. Аянтка чогулгандар бири-бирин Курман айт майрамы менен куттуктап жатышат. Айрымдары адаттагыдай дин аалымдары менен кол алып учурашып жатышат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(11)
21.08.2018. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
бугунку айт майрамыныздар менен
куттуктайм.намаздарыбыз кабыл болсун.жаратканга чексиз мактоолор болсун
21.08.2018. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ассолом алейкум бир туугандар айтыныз дар маареек болсун! Аллахым билип билбей кылган кунолорубузду кечирсин! Тилеген ой максаттарыбызга жетели Аллахым!
21.08.2018. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бүгүнку курбан айт МАЙРАМЫНЫЗДАР менен куттуктаймын алахым бизге жана сиздерге инсап идеяттарды насип кылсын
21.08.2018. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баарынарды – бүгүнкү Курбан айт майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Аллахым Ыйык Курбан айт майрамында арзуу кылган максаттарыңарды, тилген тилектеринерди, ниеттеринерди кабыл кылган болсун. Биз сүйгөн жана бизди сүйгөн адамдардын бактысына бар бололу, Инша Аллах. Ар бирибизди ырыскы, дөөлөт, оомат, ийгилик, бактылуулук коштоп, ден соолукта болуп, үйүбүз шанга, жашообуз жыргалга толуп, өлкөбүз өнүп өсүп, дүйнөбүз тынчтыкта болсун!Аллахым кийинки Курбан айт майрамына жеткирүүсүн баарыбыз
21.08.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алла ыраазы болсун,Майрамынар мн силердин да
21.08.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Арабтардын жомогу, ислам дини - калп кудай аллахка мен да мурда, кичине кезимде аябай берилип ишенип жургон элем:) Азыр кулкум келет, ошол убакытты эстесем.
21.08.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
progresskg,мына тенирчилердин чыныгы жузу.А бизди жумушта праслав дини башка болсо да орустар куттуктап жатышат.
meni_kut түзөттү 2018-08-21 12:41:32
21.08.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut, мен тенирчи эмесмин. мен эч бир динди (жомокту) карманбайм.
21.08.2018. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
progresskg,анда неге мусулмандарга жазып атасын?????
21.08.2018. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
айтынар маарек болсун кыргыз элим кылган курбанчылыгынарды аллах кабыл кылсын
21.08.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
«Айтыңыздар маарек болсун!» Кыргыз журтум.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: