super.kg logo
  Спорт  

Жайкы Азия оюндары: Бүгүн Каныбек Жолчубеков, Айпери Медет кызы медаль тагынууга аракет жасашат (күндүн программасы)

 

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын 3-мелдеш күнү спорттун 10 түрү боюнча 28 медалдар топтому ойнотулат. Кыргыздын спортчулары сууда сүзүү, жаа атуу, ок атуу, кыз-келиндер жана грек-рим күрөшү, фехтование жана ушу боюнча мелдештерге катышат.

Азыркы тапта Кыргыз курама командасынын капчыгында 2 күмүш медаль бар. Алардын эркин күрөш боюнча мелдеште Магомед Мусаев жана кыз-келиндер арасындагы күрөштө Айсулуу Тыныбекова утуп алышты.

Мелдештин 3-күнү Кыргыз капчыгына медалдарды балбандар Каныбек Жолчубеков жана Айпери Медет кызы алып келиши мүмкүн.

21-августтун программасы:

Саат 8:00дө

Жаа атуу:

  • Диана Канатбек кызы;
  • Асел Шарбекова;
  • Айтурган Маматкулова;
  • Кыз-келиндер арасындагы командалык таймаштар;
  • Аралаш командалык таймаштар;

Сууда сүзүү:

  • 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү: Денис Петрашов;
  • 400 метр аралыкка ар түрдүү сүзүү: Елизавета Рогожникова;

Фехтование:

  • "А" тайпасындагы беттештер: Камила Абдылхамитова;

Ок атуу:

  • Санжарбек Эркинбаев;
  • Сергей Арзамасцев;

Саат 12:00дө

Грек-рим күрөшү:

  • 60 килограммга чейинки салмак ченинде: Каныбек Жолчубеков;
  • 67 килограммга чейинки салмак ченинде: Амантур Исмаилов;

Кыз-келиндер арасындагы күрөш:

  • 68 килограммга чейинки салмак ченинде: Мээрим Жуманазарова;
  • 76 килограммга чейинки салмак ченинде: Айпери Медет кызы;

Кайык менен сүзүү:

  • 1 кишилик байдарка менен жарышуу: Максим Сердитов;

Жаа атуу:

  • Улукбек Курсаналиев

Саат 18:00дө

Ушу-саньда, чейрек финалдык беттешер:

  • 56 килограммга чейинки салмак ченинде: Авазбек Аманбеков;
  • 60 килограммга чейинки салмак ченинде: Рустам Ибрагимов;
  • 70 килограммга чейинки салмак ченинде: Жоомарт Келдейбай уулу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.08.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына ийгилик каалайм!
21.08.2018. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Изат Артыков качан чыгат экен? Билгендер барбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: