super.kg logo

Нарында Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналган республикалык театралдык фестиваль башталды

 
Катышуучулар Нарын шаарынын борбордук аянтынан М.Рыскулов атындагы музыкалык академиялык драма театрына чейин жөө жүрүш менен келишти
Катышуучулар Нарын шаарынын борбордук аянтынан М.Рыскулов атындагы музыкалык академиялык драма театрына чейин жөө жүрүш менен келишти
Фестивалдын ачылыш аземинен
Фестивалдын ачылыш аземинен
Иш-чарада өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнө "Маданияттын эмгек сиңирген ишмери" медалы тагылды
Фестивалдын ачылыш аземинен

Бүгүн, 1-июлда Нарын шаарында белгилүү актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналган 5-республикалык театралдык фестиваль башталды. Фестиваль өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбековдун колдоосу менен өтүүдө. Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан келген 17 театралдык жамаат, маданият жана искусство ишмерлери катышат. Алгач катышуучулар Нарын шаарынын борбордук аянтынан М.Рыскулов атындагы музыкалык академиялык драма театрына чейин жөө жүрүш менен келишти. Ага жогорку жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Салтанаттын расмий ачылышы саат 18:00дө облустук музыкалык драма театрда өтөт. Фестиваль 4-июлга чейин созулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: