super.kg logo
  Саясат  

Текебаевдин ооруканада дарылануусун улантуу же абакка которуу маселеси 23-августта чечилет

 

Камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин ооруканада дарылануусун улантуу же абакка которуу маселеси 23-августта чечилет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

"Абалы жакшы, анализдердин толук жыйынтыгы чыга элек. Ооруканада дарылануусун улантуу же абакка которуу маселеси дарыгерлердин консилиумунан (ооруну аныктоо үчүн чогулган врачтардын жыйыны) кийин чечилет", - деди Токтакунова.

Текебаев учурда Улуттук кардиология борборунда дарыланууда.

1-августта экс-депутат дарыгерлеринин көрсөтмөсү менен №47-түзөтүү абагынын Улуттук кардиология борборуна жөнөтүлгөн.

Былтыр жазда Өмүрбек Текебаев менен мурунку элчи Дүйшөнкул Чотоновго "Мегакомду" сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган" деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: