super.kg logo

АКШнын Түркиядагы элчилигине ок чыгарган 2 адам кармалды

 

АКШнын Анкарадагы элчилигинин имаратына ок атууга шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган мамлекеттин укук коргоо органдарына таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кармалгандардын жанынан элчиликке ок чыгарган тапанча жана автоунаа табылган.

"Шектүү катары 38 жана 39 жаштагы эки эркек киши кармалган. Алар Ахмет Челиктен жана Осман Гюндаш. Сурак учурунда экөөсү тең күнөөнү моюнуна алышкан", - деп айтылат маалыматта.

20-августта элчиликте болгон окуяда 6 ок атылып, анын үчөөсү күзөт кызматынын имаратына тийген.

Бул окуя Түркия менен АКШнын мамилеси солгундап турган учурга туш келген. Ушул жылдын 10-августунда АКШ Түркиядан алынып келген алюминий менен болотко бажы салыгын 20 пайыздан 50 пайызга чейин жогорулаткан. Дал ошол күнү Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган элди доллардан баш тартууга жана АКШдан чыгарылган электрондук товарларды сатып албоого чакырган. Мындан сырткары Кошмо Штаттардан алынып келген айрым товарларга бажы салыгын жогорулаткан.

Расмий Анкара бул окуяны Түркия менен АКШнын начарлаган мамилесинен пайдаланып жасалып жаткан "ачык чагым" деп баалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
21.08.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Долларын да урдум энеңди урайын канча кыргыз иштеп жатышат кыйналып Турцияда курсту тушүрбөй не кылып журөт элчи артист ким эле аты
21.08.2018. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
s81,Кыргызынды бироо зордуктап жоноттубу ошол жакта иште деп? Кыргызстанда жумуш калбай калгансып.мээни иштетиш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: