super.kg logo

Жалгыз бой эненин жалгыз уулу аскерде токко урунуп, бир колунан айрылды. Экинчи колунун жаракаты да маселе жаратууда

 

Сүрөт жабырлануучунун жеңеси Венера Өмүралиеванын уруксаты менен жарыяландыЖалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы аскер бөлүктө 22 жаштагы Руслан Сапарбаев аттуу жоокер токко урунуп, бир колунан айрылды. Окуя 7-августта болгонун жеңеси Венера Өмүралиева SUPER.KG'ге 21-августта кабарлады. Анын айтымында, жоокер аскердик бөлүктүн жанындагы эски электр щитке уялаган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коюуга аракет кылып жатканда кырсыкка кабылган.

"Кырсык 7-август күнү эртең менен аскердик патруль учурунда болгон. Кайним эки жоокер болуп жолдо баратып, иштебей турган электр щитине уялап алган чымчыктын жерге түшүп калган жумурткасын кайра ордуна коюп коюуга аракет кылып жатканда токко тартылып кетиптир. Билишибизче, ал щит лампа заводуна караштуу болуп, бирок 30 жылга жакын убакыттан бери иштебей туруптур. Электр зымдары да жердин астынан тартылуу экен. Андагы токтун кубаттуулугу 6 миң вольттук болгондуктан кайним катуу жабыркаган. Дароо Жалал-Абадга ооруканага жеткирилип, андан кийин Ошко которулуптур. Кийин Бишкекке алынып келип, 17-августта оң колунун чыканагына чейинки бөлүгү кесилди. Сол колунун да бармагы түшүп калыптыр. Дарыгерлер сол колун сактап калууга аракет кыла турганын айтып жатышат. Бирок сакталып калышы күмөн жаратууда. Анткени сол колунун сөөгү дагы катуу жапа чегиптир. Кеткен чыгымдар Башкы штаб тарабынан төлөнүп жатат. Ошондой эле пенсия төлөнүп берилерин айтып жатышат", - деди Өмүралиева.

Өмүралиева кошумчалагандай, Руслан Сапарбаев 45 жаштагы апасы Венера Сейталиева экөө атасы каза болуп калып, Бишкекте батирде жашап келишкен.

"Кайним Автожол окуу жайын аяктап апрель айында аскерге Бишкектен кеткен. Атасы каза болуп калган. Апасы экөө бул жакта батирде турушчу. Апасы дыйканчылык талааларында, кээде унаа жуучу жайларда иштеп акча тапчу. Айтор шарты оор болчу. Кайним эми минтип майып болуп калгандыктан Бишкектен үй берилсе жакшы болот эле", - деди жеңеси Өмүралиева.

Башкы штаб окуя боюнча азырынча эч кандай маалымат тарата элек. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева 22-август күнү маалымат бериле турганын убадалады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(10)
21.08.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Байкуш, Аллах шыпаасын берип сакайып кетсин
21.08.2018. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Сакайып кетсин. Кудай озу колдоптур. Бирок деген жери бар. Эмнеге жалгыз уул, тем более энеси жалгыз, атасы жок болгондон кийин армияга чакырышты? Мед. комиссиядан кантип отту? Мындай шарттагы балдар барбайт армияга закон боюнча. Альтернатива дешти да, байкуштар акчабыз жок деп, службага кеткен го.
21.08.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
баягы эле бей бечаралардын балдары барат барбайт десен очойгон акчаны айтат анан ушундай майып болуп же болбосо олуп келип атканын угуп армияга жоноткун келбейт
21.08.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Башкы штаб эптеп эртерээк унутулуп кетсе экен деп унчукпай жатса керек да.
21.08.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Супер эмне учун мындай атасы жок жалгыз уул экенине карабай армияга келгенин аныктап берсенер жакшы болмок же жаны закон чыкканбы
21.08.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Окуу жайды буткон экен,оз калоосу менен барса керек аскерге. Жумушка аларда военный билет керек болот деп.
21.08.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ЖК жойуп салыш керек, мындай пайдасы жок кызматкерлер кереги жок.
21.08.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
О Аллах!Сабыр бере кор энесине...
21.08.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тенирим ден соолук берсин. Оорубасын.
22.08.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх,окунучтуу...оор тагдырга туш болуптур...Эми кимди куноолосок болот!?
umar.kgz түзөттү 2018-08-22 11:05:48
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: