super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Айсулуу Тыныбекова: "Кыргыз элимди сүйүнткөнгө бардык аракетимди жасайм"

 

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова финалдык беттештен кийинки сезимдери менен бөлүшүп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине маек берди.

Айсулуу Тыныбекова мелдештин жүрүшүндөгү эң оор беттеши тууралуу айтып, бул мелдешке толук айыга элек жаракаты менен чыкканын билдирди.

"1-беттешим мен үчүн эң оор беттеш болду. Килемдин үстүнө чыккандан колу-бутумду калыбына келтире албай, өзүмдү начар сезип жаттым. Мен алгачкы атаандашымды оңой эле утуп алам деп чыкпаганым менен, бул беттеш мен үчүн абдан татаал болду. Бүгүнкү күндө мен 62 килограмм салмак ченине өтүп, салмагым бир аз жетпей жатты. Финалдагы атаандашым, монголиялык балбан менен буга чейин 2 жолу кездешкенбиз. Ал кезде экөөбүз тең башка салмак ченинде күрөшүп, мен дагы мыкты калыбымда болчумун.

Чынын айтсам, Стамбулда орун алган мелдештен кийин мен машыгууларды ден соолугума байланыштуу өткөрө элек болчумун. Бул жакка келе жатканда мен агайым менен кеңешип, "ушундай абалда болгондон кийин күрөшпөй эле коёюн" деген суроону көтөргөм. Абдан күрөшкүм келип жатканым менен, менин абалым дагы өтө начар эле. Азия оюндарына 10 күн калганда колум дагы эле ооруп жаткан. Бирок өзүмө күч келтирбей чуркап, футбол ойноп, айрым ыкмаларды жасап жүрдүм. Биз даярдыгыбызга татыктуу жыйынтык көрсөттүк деп ойлом", - дейт Тыныбекова.

Ошондой эле балбан кыргыз элине ыраазычылык билдирди. "Кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Алар мен күрөшүп баштагандан бери мага ишенип, ишеничин жоготпой келе жатат. Элимдин ишеничи мага аябагандай күч-кубат берет. Мен кыргыз элимди сүйүнткөнгө бардык аракетимди жасайм" деди ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(9)
21.08.2018. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азаматсын Айсулуу!!!
21.08.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ктрк спорт эмнеге алып бербейт мен биздин спортчуларыбыздын оюндарын узбекистандын спорт каналынан коруп олтурдум
21.08.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
aksuu_aduk, Өзбекстандын спорт каналыда өздөрүнүн спортчулары каякта мелдешке чыкса ошол жака которуп жакшы көрсөткөн жок. Биздин КТРК спорт каналы эшек такалап жүрөбү спортчуларыбыздын ийгиликтерин көрсөтпөй.
21.08.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматсың биз үчүн күмүш медалда абдан чоң жетишкендик, буюрса олимпиада чемпиону болосуң кудайым ошол күндөрдү насип кылсын.
21.08.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Биздин спорт каналдар туз эфирде алып берууго акчасы жетпейт,ушинтип жанылыктан окуп качанга чейин журоор экенбиз.Эл катары туз эфирде коруп,мекендештерди колдоп качан отураар экенбиз а?!
21.08.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чын дилимден ыраазы болдум сага, кандай гана бийктиктерди багынтпагын дайыма кичипейил бойдон каласын. Кудай омуруно береке берсин.! Албетте мындан да чон ийгилике жетишине тилектешмин!
21.08.2018. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Айсулуу
Эми элиди да жакындарынды да турмушка чыгып суйунт
21.08.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат Айсулуу сен биздин сыймыксын, буйруса Олимпиада чемпион болосун, ийгилик сага, коптогон жаштарга стимул болосун! рахмат сага!!!!!!!
21.08.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аа травма алып ушунча жетишкедике жетсен сага тан бердим Айсулушка, кумуш медал биз учун алтындан артык, эн негизгиси биздин желек да желбирегени, агыда кооптогон ийгиликтерди кутобуз сенден, ишенганибиз Акжол экоон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: