super.kg logo

Ооганстанда президент элди Курман айт майрамы менен куттуктап жатканда террорчулар өкмөттүк имараттарды аткылашты

 

Ооганстанда террорчулар Кабул шаарын ракеталар менен аткылашты. Жергиликтүү маалымат булактардын жазганына караганда, чабуул бүгүн, 21-августта өлкө президенти Ашраф Гани элди Курман айт майрамы менен куттуктап жаткан убакта жасалды.

Маалым болгондой, бир нече ракета президенттик сарай менен өкмөттүк мекемелерге жана элчиликтер жайгашкан аймакка түшкөн. Ракеталар шаардын чет тарабындагы Идгах мечити жайгашкан аймактан учурулганы аныкталган. Жалпысынан өкмөттүк имараттар жайгашкан жайга 12 ракета учурулган.

Азырынча чабуулдан жапа чеккендер тууралуу маалымат тактала элек. Бирок чабуулду ишке ашырган террордук топтун эки мүчөсү жок кылынганын коопсуздук күчтөрү билдиришти. Учурда коопсуздук күчтөрү тарабынан чабуул жасалган аймак курчоого алынып, террорчуларды кармоо иштери жүргүзүлүп жатканы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.08.2018. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Террорчулардын улуту,дини жок.Улуу майрамды да тынч откозушпой Алла жазанарды берсин,американын акчасы тешип чыксын.
21.08.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Талибандарды Катарлык арабтар каржылайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: