super.kg logo
  Спорт  

Жайкы Азия оюндары: Ушу-саньда боюнча Кыргыз спортчулары чейрек финалда утулуп, мелдештен четтеп калды

 

Кыргыз спортчулары Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында ушу-саньда боюнча мелдештин чейрек финалында жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калды.

Индонезиянын Жакарта шаарында өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын ушу-саньда боюнча мелдешинде Кыргыз өлкөсүнөн Авазбек Аманбеков, Рустан Ибрагимов, Жоомарт Келдейбай уулу жана Канатбек Абдуганиев катышкан.

Авазбек Аманбеков 56 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгач жарым чейрек финалда Гонконгдун спортчусу Лам Ман Канды утуп алган. Чейрек финалда Аманбеков кытайлык Шен Гуошун менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө Авазбек Аманбеков натыйжалуу кыймыл-аракет жасабай, жеңиш кытайлык спортчуга ыйгарылды. Муну менен Шен Гуошун жарым финалга аттанса, Аманбеков мелдештен четтеди.

60 килограммга чейинки салмак ченинде Рустам Ибрагимов күч сынашты. Анын алгачкы атаандашы жарым чейрек финалдык баскычта казакстандык Алмаз Дюшеев болду. Аны Рустам Ибрагимов 2:0 эсеби менен утуп, чейрек финалга өткөн. Чейрек финалда Ибрагимов кытайлык Ванг Хитао менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында Рустам Ибрагимов айырмалана албай, жеңишке кытайлык спортчу жетти. Муну менен кытайлык спортчу жарым финалга өтсө, Рустам Ибрагимов мелдештен четтеп калды.

Жоомарт Келдейбай уулу 70 килограммга чейинки салмак ченинде беттешип, алгачкы атаандашы өзбекстандык Азизбек Исроиловду жеңип, чейрек финалга өткөн. Чейрек финалда Кыргыз мушкери түштүк кореялык Хам Гваншик менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты.

Ал эми Канатбек Абдуганиев 65 килограмм салмак ченинде күрөшүп, алгачкы беттешинде эле өзбекстандык Акмал Рахимовдон жеңилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.08.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
не дейбиз эми спорто кеде женилу кеде женуу болот бирок жакшы дайарданыш керек еле
22.08.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kg_emilbekov,кеде эмес,кээде
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: