Токмоктогу үйлөрдүн биринен өрт чыгып, эки наристе каза болду
Токмоктогу үйлөрдүн биринен өрт чыгып эки наристе каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан 22-августта кабарлашты.
Маалым болгондой, 21-август күнү саат 10:08де Токмок шаарындагы Ибраимова көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттүн кесепетинен 95 чарчы метр турак үйдүн эки бөлмөсү, үй тиричилик буюмдары күйгөн. Ошондой эле өрттөн 5 жаштагы Р. уулу Х. жана 3 жаштагы Р. уулу Н. аттуу эки наристе каза болгон. Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан улам келип чыккан болушу мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Окунучтуу