Менин жерим: Ажайып тоосу жашыл төр, Нарындын көркү Салкын-Төр! Жаратылыш паркына келип мээ сергитип кетиңиз
SUPER.KG порталы сиздин айылыңыз тууралуу кызыктуу баяндаманы чагылдырууга даяр. Сиз жашаган айылда же шаарда кооз жаратылыш, тарыхый баалуу жай, өнөрлүү адамдар барбы? Балким, эл уга элек, көрө элек көп кызыктар сиздин айылыңызда бар чыгар. Аны бардык окурмандарга бөлүшүүнү, жумурай журтка жарыялоону сунуш кылабыз.


Эрбол Мукамбетовдун айтымында, Алыш айылынын тургундары негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Айыл тоо коюнунда жайгашкандыктан, дыйканчылыкка салыштырмалуу мал чарбачылыгы көбүрөөк өнүккөн.
"Нарын районунан чыгышты көздөй 18 чакырым аралыкта Алыш айылында Салкын-Төр эс алуу жайы жайгашкан. Эс алуу жайында ар кандай конференцияларды, маданий иш-чараларды, тойлорду өткөрүүгө ыңгайлуу залдар, боз үйлөр бар. Алыш айылынын тургундары бул жайга эс алып келген республикабыздын жарандарына жана чет элдик туристтерге өз кызматын көрсөтүшөт".
"Алыш айылынан Салкын-Төр капчыгайын көздөй 4 чакырым алыстыкта Алыш көлү жайгашкан. Сырдуу көлдүн кооздугуна кызыккандардын саны жыл санап өсүүдө. Ошондой эле ал жакта Кызыл китепке кирген күрөң аюу, карышкыр, түлкү сыяктуу жаныбарлар жана канаттуулардан улар, бүркүт байыр алган. Айылыбызда бүркүт таптап, ар кандай сынактарга катышып, байгелүү орундарды жеңип келген чыгаан мүнүшкөрлөрүбүз да бар" деп кошумчалай кетти Мукамбетов.
Салкын-Төр жаратылыш паркына жайкысын эс алууга келген адамдардын саны үзүлбөйт. Көк мелжиген тоолору, таштан-ташка секирип, шаркырап аккан мөлтүр кашка суусу, ага бойлой өскөн карагай, кайың, арча, тоолорунда чычырканак, бөрү карагат, ит мурун жана башка бадал өсүмдүктөрү өсөт. Өсүмдүктөрдүн аңкыган жыпар жыты келген коноктордун маанайын көтөрүп, ырахатка бөлөйт.
Урматтуу окурман, сиз да айылыңыз тууралуу сыймыктанып айтып бергиңиз келеби? Анда SUPER.KG порталына +996 557 473 939 номерине WhatsApp аркылуу маалымат, сүрөт, видео жөнөтүңүз.
Ар бир айыл атак-даңкка татыктуу!
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
10

Комментарийлер(2)
Sagyn.91

03.09.2018. 15:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эхх, кандай гана кереметтуу жер.
karakozum

03.09.2018. 15:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нарыным алтын бешигим. Салкын-Тордун кооздугуна суктанам Алга Кыргызстан
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.