Жайкы Азия оюндары: Кыргыз балбаны Самат Шырдаков чейрек финалда утулуп калды. Бирок медаль үчүн күрөштөн четтеген жок

Кыргыз балбаны Самат Шырдаков Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдешинин чейрек финалында.
Бүгүн, 22-августта Жакарта шаарында Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдештери уланууда. Анда 87 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Самат Шырдаков катышты. Ал чейрек финалда өзбекстандык Рустам Ассакалов менен беттешип, тилекке каршы, 0:9 эсеби менен мөөнөттөн мурда жеңилип калды. Өзбек балбаны жарым финалга өттү.
Эгерде Өзбек балбаны жарым финалда жеңишке жетип, финалга өтө алса, Самат Шырдаков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.