super.kg logo

Камакта жаткан Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун талабы аткарылып, алар ачкачылыкты токтотушту

 

Камактагы ачкачылык кармаган саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров ачкачылык кармоону токтотту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Толубай Жакишов билдирди.

Анын айтымында, Асанов менен Кадыровдун талаптары аткарылды.

"Бүгүн саат 3тө Жогорку Соттун Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров боюнча чыгарган чечими бизге келип, тааныштырылды. Алар ачкачылыкты токтотконун расмий билдирип, тамактана башташты. Ден соолуктары жакшы, биздин кызматкерлер буга чейин текшерип, карап турушкан", - деди Жакишов.

16-августта саат 17:20да Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров өздөрүнө карата чыгарылган Жогорку Соттун чечимин ала албай жатканын айтып, ачкачылык жарыялашкан. Буга чейин маалым болгондой, ачкачылык жарыялаган камактагы саясатчылардын бири Кубанычбек Кадыров 20-августтан баштап тамактана баштаган. Ал эми Бектур Асановдун ачкачылык кармаганына 7 күн болгон.

2016-жылы 17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимге ылайык, Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров "кылмышка даярдануу" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.08.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курсагы расса ачсын либой нерсени ашайтко жеп турганда билгизбей
22.08.2018. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7-апрелдин псевдобаатырлары деле бийликти басып алган да..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: