super.kg logo

"Чыныгы баатырлар мамлекеттин тарыхында калышы керек". Президент 2010-жылдагы Апрель окуясынан жабыр тарткандарды кабыл алды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылкы Апрель окуясында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Комиссиянын ишмердигин күчөтүү жана натыйжалуулугун арттыруу максатында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов комиссиянын төрагасы болуп бекитилген. Анын курамына министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери кирген.

Мындан тышкары "Мекен шейиттери", "Эр Теги", "Апрель баатырлары", "Айкөл Ала-Тоо", "Апрель. Элим. Кыргызстан", "Айкөл Таза коом" жана "Апрель Баатырлар Биримдиги" коомдук бирикмелеринин сунуштары менен комиссиянын курамына аталган коомдук бирикмелердин мүчөлөрү кирди.

Президент 2010-жылдагы окуяларда жабыркагандар жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө дайым мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи. "Бардыгы үчүн бирдей, туруктуу колдоо жана мамлекет тарабынан жардам болушу керек. Чыныгы баатырлар мамлекеттин тарыхында калышы керек. Бул окуялар өлкөнүн билим берүү системасынын тарых боюнча окуу китептеринде чагылдырылып, илимий баа берилиши шарт", - деп айтты Жээнбеков. Ал 2010-жылдагы окуялар өлкөнүн тарыхы жана аны эч ким бурмалай албай тургандыгын кошумчалады.

Апрель окуясынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов бардык "апрелчилердин" атынан жабыр тарткандарды жок дегенде жарым жылда бир жолу медициналык кароодон өткөрүү өтүнүчүн билдирди, анткени жаракат алгандардын көбү тиешелүү медициналык жардамды ала албай жүрүшөт.

Ошондой эле ал мамлекет башчысынын 2010-жылдагы окуяларга илимий баа берүү пикирин колдоп, өзү дагы бул окуялар тууралуу илимий эмгек жазып жатканын кошумчалады.

Жолугушуунун катышуучулары Сооронбай Жээнбековго 2010-жылдагы окуялардын катышуучулары саясий оюндардан тышкары болушу керектигин белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(19)
22.08.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7 апрель окуясы болбосо максим Бакиевдер дагы эмнени жасашмак эле.
22.08.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бири бирден уюм ачып алганбы? Чыныгы баатырлар унутулгус болсо, эмнеге Ош коогалаңында баатырдык көрсөткөндөр эскерилбейт? Студенттердин жатаканасында алардын куралы бар экенин билсе да таяк темир менен куралданып кыздарын тамга чыгарып эшик оозунда кезектешип турган студент жигиттер эмне сыйга татыксызбы? Кокус кирип келсе өлүм менен аякташын билсе да ошончо кыздар үчүн туруп берди. Алардын силердин, биздин карындаштарыбыз бар эле.
22.08.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dalil,себеп ошолордун артынан бийликке, акчага жетиштилер да.
22.08.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dalil, а Оштогулар оз бийлик учун эмес оз жанын коргоп кетишти
22.08.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Sahka,
Озунорду болушунча мактай бербегилечи. 7 апрель болбосо Жээнбековунар озу президент болуп отурат беле. Дагы эле Бакиевдерге кул болуп жашап журмокпуз. Уй булосу менен Ак уйго отуруп алышып.
22.08.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kairat1996, ал кимдин Жээнбекову экен? Толук жазсаң. А сеники ким? Түндүк түштүк деп бөлүнбөйлү туугандар. Баарыбыз бир кыргызбыз. Жээнбеков биздики эле эмрс баарыбыздыкы. Жакшыбы жаманбы, таза же таза эмес шайлоо менен келдиби баарибир өлкө президенти аны тана албайсын.
22.08.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kairat1996, ойлонуп суйло бала. Мен эч кимди мактаган жокмун болгогун айттым.
23.08.2018. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kairat1996,Макул Бакиев кетти.Ушунча коомдук уюмдун ачышынын кереги барбы?Бир эле уюмга бириксе болбойбу?Ош коогалынындагы чыныгы баатырлар жонундо неге апрелчилер эскербейт?Апрелчилер баатыр болсо неге Оштогу тополонго барган жок?
22.08.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алдын ала кечирим сурайм ачуу чындыкты айтнканым үчүн. Апрель баатырларынын баары баатырдык кылып өлдү деген сөзгө кошулбайм. Аксыда да дал ушундай болуп Акаевдин убагында окко учушкан. Алар эмнеге баатыр эмес да апрелчилер баатыр? Апрель окуясы СДПК бийликте турганда эскерилет алар кеткен соң бара-бара унутулат. Эмнеге миллиондогон акча менен баатырлык наам бергенинин чыныгы жүзү ачылат.
22.08.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл деген эл экен, 7 апрелде Бакиевтердин суйуусун бутурду го. Жаныш Бакиевтин Снайперлерине карабай.
22.08.2018. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне балее баатыр менен уюм эле көбөйүп кетиптир го.Ош окуясында курман болгондөрду ким эстейт урматтуу президент?.Же Ош окуясында каза болгондордун пайдасы тийген эмес беле?Карасаңар көңүл бурсаңар текши тегиз карагыла,Бишкекте олтуруп алып эле Апрельчилер менен гаплаша бербей.
22.08.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
titanik32,
Кыжалат болбой турун эй. Ал жака да убакыт жетет уком. Тага сагаларындын абалын тушунуп турубуз. Озбек бир туугандарымы да эстеш керекпийм.
22.08.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тигил жак кыжалат болуптурму эй. Эстеп койгуларын эй.
22.08.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан баатырлардын олкосу, бирок кагаз жузундо гана, кылган эрдиктери жок!
22.08.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
7 апрелде атылып жаткан окко карабай Бакиевтердин акмакчылыгына каршы тургандар чыныгы - Баатырлар. Уйго отуруп алып колу менен жансап тили менен сайрагандар - ушакчылар
22.08.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Комментерий жазгандар чыныгы жалкоолор.
22.08.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
yrmat88, Арасында сен дагы барсын;)) жазып жатасынго.
22.08.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге 7- апрелдегилер баатыр аталып, уюмдар тузулуп, иш чаралар отуп жатат. Ош окуясында расмий маалыматта 800 дон ашык адам курман болуп канчалар белгисиз жоголду. Жалал-Абадды айтпай эле коелу.???? Урматтуу бийлик окулдор баарына тегиз карагылачы.
22.08.2018. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
7-апрелде ынкылап эмес тонкоруш болгон. Муну СНГ олко башчылары Москвада айтып, журналистер изилдеген. Кобун ичирип, мас кылып аянтка алып келип окко салып берген.. Азыр митинг кылып ак уйду басып алабыз десе атпайбы солдаттар? Ушундай атат да. Жазылып деле турган го атабыз деп. Азыр мына Алиясбек жалдырап жатат...ар жарым жылда медкароодон отуп турсун деп... Значить каралбай калган АШАнын маалында. Значить буларга бийлик гана керек болгон. Кайран элим...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: