super.kg logo

Таш-Көмүр шаарында жоокер сууга чөгүп каза болду

 

Таш-Көмүр шаарында 21 жаштагы жоокер сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя ушул жылдын 13-август күнү болгон.

"Кырсык Нарын дарыясына чөгүп кеткен 1988-жылкы Б.З. аттуу жаранды издөө учурунда болгон. Саат 19:00 чамасында куткаруучулардын ичинен аскердик кызматын өтөп жаткан 4 жоокер жуунуп алууга куткаруу тобунун командиринен уруксат алып "Бачок" эс алуучу жайындагы сууга түшүшкөн. Бир аз убакыттан кийин куткаруучулар жээкке сүзүп чыкканда катардагы жоокер Д.у.М. жээкке чыкпай калган. Сууга чөккөн жоокер куткаруу иштерине катышкан эмес, ал куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздандыруу ишин аткарып жүргөн. Издөө иштери кечки саат 19:30дан 23:40ка чейин жүргүзүлүп, натыйжа болгон эмес.

14-август күнү издөө иштеринин натыйжасында саат 14:22де Ноокен районунун Достук айыл аймагынын Бачок участкасында Нарын дарыясынан катардагы жоокер Д.у.М.нын жансыз денеси табылган. Учурда тиешелүү органдар тарабынан териштирүү жүргүзүлүүдө", - деп билдирди ӨКМнын маалымат кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
22.08.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаман иш болуптур,жайы жанатан болсун.
23.08.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоокер го табылыптыр жансыз денеси,а чоккон адам табылбады,туугандары сыздаган боюнча калды!Откондо суучулдар чоккон адамдын туугандарынан акча алышпайт, алар айлыкка иштешет деди эле.Бирок угушум боюнча кунуно 30минден толоп жатышкан экен издегенине!Акыры акчасы тугонуп издоо иштери токтотулуптур.Аябай жакшы адам эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: