super.kg logo

Бүгүн "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компания аныкталат

 

Бүгүн "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компания аныкталат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов билдирди.

Аматовдун айтымында, тендерден уткан компанияны тандоо бүгүн саат 15:00дө башталат. Тандоо ачык-айкын болушу үчүн онлайн-режимде чагылдырылат жана тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө ошол жерден тааныштырылат.

Өкмөт "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн өткөн айда 2 миллиард 552 миллион 706 миң 240 сомго тендер жарыялаган, тендер 10-августта жыйынтыкталмак. Тендер өткөрүү боюнча документтер менен иштеген жумушчу топ документке өзгөртүүлөрдү киргизгендиктен тендерди жыйынтыктоо мөөнөтү 23-августка жылдырылган.

Буга чейин "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн 3 ирет сынак өткөрүлгөнү менен, уткан компаниялар менен соттошуу иши болуп, долбоор ишке ашпай келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: