Бүгүн Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары менен учуп кетти
Бүгүн, 23-августта президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, президент мамлекеттик иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда жолугушат. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат деп болжолдонууда.
Андан кийин Сооронбай Жээнбеков 24-августка белгиленген Аралды сактоо фондунун эл аралык саммитине катышуу үчүн Түркмөнбашы шаарына учуп барат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
-1

