super.kg logo

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын иши боюнча соттук отурумдун датасы белгилүү болду

 

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулайдын иши боюнча соттук отурумдун датасы белгилүү болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун атасы - Турдали Кожоналиев билдирди.

"Кызымдын өлүмүнө шектелген Марс аттуу баланын ишин Жайыл райондук соту ушул жылдын 5-сентябрында саат 10:00дө карайт. Ал эми кылмышка шарт түзүп берген милиция кызматкерлеринин ишин кароо 10-сентябрга саат 10:00гө коюлду. Милиция кызматкерлерине бир гана Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү (шалаакылык) менен иш козголууда. Буга мен макул эмесмин. Ошондуктан Жайыл райондук сотуна ишенбөөчүлүк көргөзүп, ишти Свердлов райондук сотуна өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирүүнү ойлонуп жатабыз", - деди Турдали Кожоналиев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, жигит 29 жаштагы Марсбек Б. экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марсбекке эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен. 29-майда Бурулай Турдали кызынын жансыз денеси жерге берилип, ошол күнү маркумдун атасы: "Кызымдын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгисин бычак менен жазылганын көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?" - деп билдирген. Бул маалыматты Чүй ОИИББинин башчысы болуп турган Нурлан Сарчаев калп деген. Анын айтымында, окуя 1 мүнөткө жетпеген убакыт аралыгында болгон. "Бул убакытта андай тилип жазуу мүмкүн эмес жана кыздын денесин экспертизага берген учурда бычактын 3 жолу сайылган жаракаты гана болгон" деген Сарчаев. 4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
23.08.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмне учун админ. Жигиттен интервью албайт жатасынар ушул кунго чейин. Же Сиздерде андай мумкунчулук жокбу?
23.08.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милициялар журналист эмес апасын жанына жолотпой атат анан кайдагы интервью
23.08.2018. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kumarchik,башка кылмышкерлерден тим эле кыйын интервью алышат элего олтургон жерине чейин алпарып корсотуп,мындан неге андай кылса болбойт?! Куноо милиция да болгон учун корсотпой жататта.
Турдали ака капа болбонго бирок маркумга сурот коюп эстелик тургузбайт,молдолор уруксайт беришпейт элего...
23.08.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Турдали акенер биринчи озу куноолуу. Макул берем кузундо той кылып аласын деп алдап баланы. Андан кийин кызды башка бироого сойко салдырып. Жаш кыздын да оюн онго болуп ата энесин конулун карап . Жээ Суйлошкон баласына жок дей албай. Анан да Кызымды ала качты деп милицияга чалып дурболон салып. Эми мына жээ кыз жок бала да жок . Адилет менен чындык жок деп элдин башын айлантып милицияны куноолоп. Бурулайдын жаткан жери жайлуу болсун.
23.08.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
rysik79, туура айтасың балким милицияга бербей койсо тирүү калмак беле эң эле өкүнүчтүүсу чырактай болгон жаш өмүр кыйылды
23.08.2018. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер ушунча эл суранып жатабыз!Баладан интервью алгылачы,бир айласын таап.Сериал болуп кеттиго!Бала да бирнерсе дегенде ары же бери болмок.Де сот болгунча бала да "бир себептер"менен тушунуксуз жагдайда олуп кетээр бекен?
23.08.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mambetali,monster_high_98, саламатсыздарбы! Сунушуңуздар тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
23.08.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Милиция кызматкерлерине бир гана Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 2-бөлүгү (шалаакылык) менен иш козголууда. Буга мен макул эмесмин.
P.S. Мындан башка кайсы берене менен козгошу к.к? Милиция кызматкерлерине бир да башка берене туура келбейт да.
Турдалы ага капа болбоңго бул жерде Сиздин да кыпындай болсо да күнөөңүз бар.
Бурулай жаткан жериң жайлуу , топурагың торко болсун!
24.08.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноосу болсо болбосо да атасына сабр,инсуль албаса экен,аталар ыйлабасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: