Талас дарыясынан 40 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды
Талас облусундагы Талас дарыясына түшүп кеткен 40 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Окуя 21-август күнү саат 16:00 чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында болгон. Анда Талас дарыясына 1978-жылы туулган Ж.Н. аттуу аял түшүп кеткен. Издөө иштеринин натыйжасында 22-август күнү саат 13:10до маркумдун жансыз денеси суудан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















