super.kg logo

Сот айыпталуучу жана сойкулар менен чогуу эс алган милиция кызматкерлерине 400 миң сомдон айып салды

 

Аламүдүн райондук соту айыпталуучу жана сойкулар менен чогуу эс алган А.Б.Э жана А.М.Ж. аттуу милиция кызматкерлерине 400 миң сомдон айып салды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 26-февралында эртең мененки саат 9:00дө Аламүдүн РИИБинин кызматкери А.Б.Э күзөттө турган. Ал күзөтчүлөр тобунун катарында Аламүдүн райондук сотунун талабынын негизинде 9 айыпталуучуну СИЗО-1ден райондук соттун соттолуучуларды кармоочу жайына жеткиришкен. Ошол эле күнү эмгек өргүүсүндө жүргөн Аламүдүн РИИБинин кызматкери А.М.Ж. келип, күзөтчү А.Б.Э. менен биргеликте А.А. аттуу айыпталуучуну БМВ Х5 үлгүсүндөгү унаага салып, айыпталуучунун үйүнө барышкан. Ал жактан айыпталуучу аялы жана кызы менен көрүшкөн соң, Бишкектеги Медеров көчөсүндө жайгашкан мончолордун бирине барышкан. Мончодо милиция кызматкерлери айыпталуучунун эсебинен ар кандай ичимдиктерди ичишип, сойкулардын кызматын пайдаланышкан. Ал учурда айыпталуучу мончонун бөлмөлөрүнүн бирине кирип, терезесинен чыгып качып кеткен.

Ыкчам изилдөө иштеринин жыйынтыгында качып кеткен А.А. бир жумадан кийин кармалып, абакка киргизилген.

Күбөлөрдүн бири: "Окуя болгон күнү саат 17:00дө Медеров көчөсүндө жайгашкан мончонун администратору чалып, кардарларга интимдик кызматын көрсөтүү үчүн мончого келүүсүн суранган. Ал макул болуп, өзү менен кошо Ж. жана А. аттуу 2 кызды ээрчитип алып мончого барганда аларды 3 киши тосуп алган. Кишилердин бири А. аттуу кыз менен чогуу бир бөлмөгө кирип кетишкен. Болжол менен 10 мүнөт убакыт өткөндөн кийин кыз жуунуу үчүн сыртка чыккан учурда киши бөлмөнүн терезесинен качып кеткен. А.нын качып кеткенин уккан 2 киши артынан киришип, таппаган соң көчөгө чуркап кетишкен", - деп көрсөтмө берген.

Милиция кызматкерлери А.Б.Э. жана А.М.Ж. соттон үй-бүлөлүк абалын эске алып, абак жазасына тартпоону өтүнүшкөн. Жыйынтыгында сот экөөнө 400 миң сомдон айып пул салып, 2 жылга чейин мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыраткан.

Эске салсак, 2016-жылдын 29-февралында каракчылык боюнча айыпталган кишини качырып жиберген күзөтчүлөргө карата кылмыш иши козголгондугу маалымдалган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
23.08.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ошол уй булосу бар экенин озулору эсинен чыгарбаганда.....Башкаларга козу учпай!Мына "биздикилердин"кебетеси . Тартип сакчыларынын бети ушундай болгон сон ,жонокой элдерге жол болсун!
23.08.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
"Саяк журсон таяк жейсин", "коп баскан аяк бок басат" дегендей, Ушул ичкилик менен зынакордук жамандыктан башка эч качан жакшылык алып келбейт.
23.08.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мына сага Сокенин соттору!!! Сот экөөнө 400 миң сомдон айып пул салып, 2 жылга чейин мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыраткан имиш... Кеминде 1-3 жылга камап, 5-10 жыл мамлекеттик кызмат ордун ээлоого тыю салса болбойбу?!! 400 мин сомду эптеп чыгарып алат да булар бат эле...
23.08.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сот менен начальнигин да алып барып келген го ошол саунага . Болбосо айдалмак иштен жок дегенде понижение болуш керек эле.
23.08.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Камагандан не пайда мамлекетке. Камасын Дейли ошончо жыл багыш керек, кайтаруу, мамлекеттен эсебинен. Андан Коро айып пулу 400 мин нармално эле болсо керек. Экинчиден жакындарына шарманда болгону.
23.08.2018. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
patiydin,Туура айтасын, ал жакта тамак ичип расход кылат мамлекетке, андан коро акчасын берип кое берсин
23.08.2018. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
patiydin, 2 жылдан кийин ордуна келип мага
окшогон сага окшогон адамдардын эле канын
ичип журуп 400 минин кутулат
23.08.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жылдан кийин кайра ишке алабыз дешкен го.
23.08.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу эмне болду мен тушунгон жокмун?
24.08.2018. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyialreal,тушундунбу ооба мен дагын ошондой болдум сага окшоп 2,3 жолудан окусам деле башыма жетпей койду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: