super.kg logo
  Спорт  

Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов: "2-орунга жетпей жүргөндөр дагы бар"

 

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдештин күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов финалдык беттештен кийинки сезимдери менен бөлүшүп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине маек берди.

Акжол Махмудов финалдык беттешке физикалык жактан толук даяр болбой калганын жана мелдеште 2 килограмм салмак жетпей күрөшкөнүн айтып берди.

"Мен үчүн эң оор беттеш - бул финал болду, ирандык балбан менен күрөш мен ойлогондой болгон жок. Бул финалга физикалык жактан жакшы даярданып чыга албай калдым. Буюрса, ушул каталардын үстүнөн талыкпай эмгектенем. Кийинки беттеште кездешсек утам деген чоң ниетим бар.

Буга чейин ирандык балбан Мохаммедали Гарай экөөбүз бир мелдеште көрүшкөнбүз, бирок биринчи жолу бир салмак ченде кездешип, биринчи жолу күрөштүк. Башка салмак ченге өткөндө айырма билинет экен. Ошондуктан физикалык жана техникалык жактан даярданып, колдон келсе бир же эки килограмм запас менен күрөшкөн жакшы экен. Бул мелдеште менин салмагым жетпей калды, 77 килограмм салмак чениндеги күрөштө мен 75 килограмм салмак менен күрөштүм", - деди Махмудов.

Ошондой эле Акжол Махмудов машыктыруучуларына ыраазычылыгын билдирди.

"Ушул даражага жана деңгээлге жеткирген адам - бул менен жеке машыктыруучум Мээримбек Ахмедов. Бул агайымдын колуна туш келгениме абдан кубанычтамын, башка машыктыруучуга туш келсем мындай жыйынтыктарга жетмек белем, Кудай билет. Ошондой эле Азат Эркимбеков жана Улукбек Карачолоков агайлар менен окуу-машыгуу жыйындарда чогуу жүрдүк. Ушул 3 агайга жана жалпы машыктыруучулар штабына терең ыраазычылыгымды билдирем. Бардыгы бизди өзүнүн баласындай көрүп, жакшы карашты. Бизде күрөшүш керек, машыгыш керек деген ойлор эле болду, андан тышкары эч кандай маселелер жаралган жок", - дейт ал.

"Финалдык беттеште жеңилип калганыма көңүлүм чөккөн жок. Мен беттештин алдында Кудайдан "ушул беттеш менин тагдырыма кандай жазылса, ошондой чечилсин" деп сурангам. Аллага шүгүр, 2-орунду ээледим. Бул орунга жетпей жүргөндөр дагы бар. Мен өзүмдүн каталарымды көрдүм. Каталар көп, буюрса, ошолордун үстүнөн иштеп, кийинки мелдештерде мындан дагы күчтүү болуп келем деген чоң максаттарым бар", - деп кошумчалады Акжол Махмудов.






Жайкы Азия оюндары: Акжол Махмудов-Мохаммедали Гарай (Иран)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
23.08.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коз тийбесин...
23.08.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Негизи бул созду эл айтышы керек эле да............Эмнеси болсо да кут болсун кумуш медаль.
23.08.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын кыргыздын туусун которуп журо бере кумуш деле эн сонун
23.08.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баары алла тааланын буйругу экен, эки деле жаман эмес кут болсун, сен азыр жашсың келечек алдыда буйруса алтындын далайын аласың иншаллах, кудай колдосун ден-соолугуң чың болсун азаматсың.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: