Казыят: "Араванда мечиттен өрт чыккан эмес, ашкананын жанында жайгашкан намазкана өрттөнгөн"
Ош облусунун Араван районундагы Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыгып, андан 2 адам каза болду деген маалымат жалган. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан билдирди.
"Бүгүн, 23-августта Ош–Араван жолунун 13-чакырымындагы жол боюнда наабайкана, ашкана орун алган. Наабайкана менен ашкананын жумушчулары таң эрте жумушка келишип, газ баллонду иштеткенде ал жарылып, 2 адам каза болгон. Ал эми өрт өчүрүү кызматкерлери келип, каза болгон жарандарды чыгаруу менен алек болуп жатканда өрт наабайкана менен ашкананын башка бөлүктөрүнө жайылып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Ошондой эле өрт наабайкана менен ашкананын жанындагы 2 кабаттуу имаратка жеткен. Имараттын 2-кабатында ашкананын ээси тарабынан жолоочулар үчүн чакан намазкана ачылган. Өрт каптаган учурда намазканада эч ким болгон эмес жана намазкана толугу менен өрттөнгөн эмес", - дейт басма сөз кызматы.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Араван районундагы Гүлбар айылындагы мечиттен өрт чыгып, андан 10 жаштагы бала жана 36 жаштагы аял каза болгон деген маалымат тараткан.



Мусулмансынбы же жокпу - деп кекетип, динди тануулагандарга жана элдин тынчтыгын (азан) бузгандарга статья барбы же жокпу?