super.kg logo
  Спорт  

Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси Каныбек Жолчубеков: "Күмүш медаль мага чек эмес"

 

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалынын ээси Каныбек Жолчубеков Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигине берген маегинде финалдык беттеш тууралуу төмөнкүлөрдү айтты.

"Бардык беттештер оор болду, мелдештин жүрүшүндө дүйнөлүк деңгээлдеги балбандар болду. Алгачкы эле беттеште түндүк кореялык балбанга кез келдим. Белгилүү болгондой түндүк кореялык балбандар акыркы секунддарга чейин күрөшөт. Андан кийин кытайлык балбан менен күрөштүм, ал менен дагы беттеш оор болду. Мени эң биринчи партерге коюп койду, бирок мен ошол жерден каршы ыкма жасап, атаандашымдын артына өтүп бир нече ыкмаларды жасап 6:1 эсеби менен жеңишке жеттим.

3-беттеште казак балбан менен күрөштүм, ал 2017-жылдын Дүйнө чемпиондугунун күмүш медалынын жана Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси. Аны 1-бөлүктө эле утуп алганга үлгүрдүм.

Алтын медаль үчүн беттеште япониялык балбанга туш келдим. Ал Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунун жеңүүчүсү. Тилекке каршы, жеңилип калдым. Жалпы бул Азия оюндарында жакшы күрөштүм десем болот, дагы иштешим керек экендигин түшүндүм. Бирок алтын медаль үчүн бардык күч-аракетимди жумшадым", - деп айтты Каныбек Жолчубеков.

"Эми Кудайдын буйругу ушундай экен. Кыргыз элиме, өкмөтүбүзгө ыраазычылык билдирем. Бул медаль чек эмес", - деп кошумчалады балбан.

Эске салсак, Каныбек Жолчубеков Жайкы Азия оюндарынын грек-рим күрөшү боюнча мелдештин күмүш медалын утуп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.08.2018. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушинтик "чак эмес" жеп мактанып суйлогондору жакпайт.
24.08.2018. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
filis, "чек эмес" дейт.. туура окусан. Мындан кийин алтын алам дегендей айтты.
23.08.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жигитибиз чынында жакшы курошот Рахмат ушундай жигитерибизге!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: