super.kg logo

SUPER TV: Тубаса шал оорусу менен ооруган жигитке SUPER.KG порталы уюштурган сынактын жеңүүчүсү Таирбек Эрматов арабасын белекке берди

 

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган Сүйүндүк Сыдыков 25 жашта. Ал тубаса шал оорусу менен төрөлүп, эки буту баспайт, колдору да иштебейт. Тубаса дарт менен төрөлгөн баланын билим алууга шарты да, мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ошол себептен ал өзүн-өзү каржылоо үчүн көчөгө чыгып кайыр суроого аргасыз. Сүйүндүк Сыдыков майыптыгы үчүн 3 миң 500 сом жөлөк пул алат. Ата-энеси, иниси менен Бишкек шаарында батирде турушат. Апасы жол кырсыгына кабылып, ооруп жатканда үй-бүлөнүн башына ого бетер кыйынчылык түшкөн. Ал эми атасы болсо оор кырдаалдан улам 3 жолу инсульт алган. Үй-бүлөдө ишке жарамдуу акча тапчу адам жок болгондуктан, айла жок каарманыбызга кайыр суроого туура келет.

SUPER.KG порталы уюштурган сынактын жеңүүчүсү Таирбек Ерматов

21-август күнү Курман айт майрамында Сүйүндүк Сыдыков кайыр сурап отуруп жолдон өтүп бара жаткан жарандан дөңгөлөгү айрылып, сынып калган арабасын оңдотууга жардам сураган. Бул кабарды ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан. Мындан соң кайрымдуу адамдар жардам колун сунуп, 1 күндүн ичинде эле жаңы арабалуу болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сүйүндүк Сыдыковго алты саны аман кишилердин арасынан эмес, буту баспаган жарандан жардам келген. Эң кызыгы, Сыдыковду араба менен камсыз кылган адам SUPER.KG порталы уюштурган сынактын жеңүүчүсү Таирбек Ерматов болуп чыкты.

Сүйүндүк Сыдыковдун тагдырын толугу менен көрүү үчүн шилтеме аркылуу SUPER TV бөлүмүнө өтүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
23.08.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсын!
23.08.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ма Ша Алла!
23.08.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тенирим ден соолук берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: