"Коопсуз шаарды" ишке ашырчу компанияны тандоо боюнча аукцион өтүүдө. Кайсы компаниялар катышып жатканы белгисиз



Бүгүн, 23-августта Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруучу компанияны тандоо боюнча аукцион өткөрүлүп жатат.
Аукционду уюштуруучулардын айтымында, катышып жаткан компаниялар тууралуу алдын ала маалымат алганга болбойт. Аукциондун аягына чыккандан кийин гана кайсы компания аталган долбоорду ишке ашырууга канча каражат сунуштаганы анык болот.
"Учурда министрликтердин өкүлдөрүнөн, Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан куралган комиссия өзүнчө бөлмөдө иш алып барууда. Кайсы компания долбоорду ишке ашырууга 2,5 миллиард сомдон аз каражат сунуштап, анын шарттары жакшы болсо, жеңүүчү ошол болот", - деп айтышты аукциондун уюштуруучулары.
"Коопсуз шаар" долбоору "Акылдуу шаар" долбоорунун бир тармагы болуп саналат. Аталган идея 2012-жылдан бери түрдүү себептерден улам ишке ашпай келет.


