Кант шаарындагы жол кырсыгынан унаа күйүп кеткен, каза болгондордун арасында 3 жашар бала бар
28-июнда болжол менен саат 07:15 чамасында Интернационал-Кант унаа жолунда жол кырсыгы болуп, 2 жаран каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, БМВ жана Ауди-80 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Ауди-80 унаасы күйүп кеткен, ал эми айдоочусу, 25 жаштагы К.С. жана 3 жашар жүргүнчүсү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болушкан . Ошондой эле дагы 2 жаран ар кандай жаракаттар менен Кант шаарынын ооруканасына жеткирилген. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.