Президент менен жолугам деп сот жообуна тартылган аялдар: Алардын бири президент билиши керек болгон маселени айтып берди
Ноокенде өлкө жетекчиси Сооронбай Жээнбековго жолугушуу үчүн келген 5 аял кармалып, алардын үчөөнү сот административдик жазага тарткан. Алардын бири Бурул Ибрагимова президентке эмне көйгөйү менен кайрылышмак болгонун 23-августта SUPER.KG'ге айтып берди.
"Өзүбүз Ноокен районунун Сакалды айылынын тургундарыбыз. Биздин айыл өкмөт башчыбыз баш болгон бир нече айыл аткаминерлери бизге тиешелүү болгон жер тилкелерди сатып жиберишкен. Жер тилкелерибизди кайтарып ала албай, бул маселе боюнча айыл өкмөт башчысына, райондун акимине, облус башчыга чейин кайрылганбыз. Алар "бул иштин мөөнөтү өтүп кеткен" деген шылтоо менен көйгөйүбүздү чечип беришкен эмес. Президент келе турганын угуп, ал кишинин өзүнө көйгөйүбүздү жеткирели деп барганбыз.
14-августта алдын ала тизмеге жазылалы деп Ноокен районунун акимине барсак, айыл өкмөт башчысына кайрылышыбыз керектигин айтты. Айыл өкмөт жетекчисине барсак бизди кагып-силкип, тизмеге киргизбей койду. Ошентсе да 15-августта өлкө башчысы менен жолугушууга аракет кылып көрөлү деп 5 аял Ноокендин маданият үйүнө бардык. Кире албай күтүп турсак, президенттин жан сакчысы окшойт, ал биздин эмнеге турганыбызды сурады. Ага тизмеде жок экендигибизди айтып, биздин айылдан тизмеге кирип, бирок келе албай калгандардын ордуна киргизүүсүн сурандык. Ал сурап көрүү үчүн кирип кеткенде айыл өкмөт башчыбыз чыгып бизди тилдеп кирип кетти. Кире албашыбызга көзүбүз жетип, кетели деп жатсак бизге милиция кызматкерлери келип, көйгөйүңөрдү президент кетери менен чечип беребиз. Азыр ашканага барып тамактанып тургула деп бизди унаасына салды. Бирок ашканага эмес эле райондук милиция бөлүмүнө алып барып камап койду. Саат 12:00 чамасында камашса, кечки 18:00гө чейин ачка кармашты. Андан кийин түшүнүк кат жаздырып, сотко алып барышты. Ноокен райондук соту үчөөбүзгө 500 сомдон айып пул салды", - деди Бурул Ибрагимова.
Эскерте кетсек, буга чейин Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барган 3 шайлоочусу соттолгону белгилүү болгон. Көп өтпөй өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева сот тарабынан айып пулга жыгылган 3 аялдын иши териштирилип, акчасы кайра төлөнүп бериле турганын билдирген.
кошулду



Сокен озу ойлонбойбу, эл менен жолукчу болсом 400 адамдык залда жолу6амбы 2 килейген райондун эли менен деп?!! Же Соке жетеленмеби, кайда жетелесе кете берген?!! Кана эл менен учурашканы?!!
Же Соке стадионго чыгып калын эл менен суйлошкону бар бекен?!!
Атамбаев да убак убак барып турчу, дужурлорунон кабар алып, 1-2 жылда бир, сен айткандай 6 жылда бир эмес...
Эми мындай адилетсиздиктерди санай берсе толтура... Соттор С.Жапаровду турмодо калтырып, Сокенин Раим кудасынын пайдасына чечим чыгарганы озунчо парадокс. Кумтор баш болгон алтын-кумуш кендери улутташтырылбайт корунот, коррупциянлык схемалар ор-ордунда калып
Эми айла кетип баарын аким, айыл башчыларга шылтап жатасын, анда Соке ошолорго, милиция, сот, прркурорлорго эмнеге чара корбой отурат оозуна талкан салып?!!
Сокендин озунун мээси/акылы жокпу, 2 райондун эли менен тар актовый залда кантип жолугамын деп ойлонбойбу?!!
Жонокой катардагы жарандарды жергиликтуу бийлик кошпогону ошондон, Сокеге ынгайсыз суроо бербесин деп...
атамбайга окшоп жеп алыптырбы таза болгон учун элдин алдына чыгып баш которуп журот жан сакчысы жок эле коргонбуз Атамбайды эки машине автоматчиги алдыда аркада кетчу эле азыр эми президент болбой калса деле 15 кишинин коштосунда журот бул жанагы Гонконгтон алган карыздан коркуп журсо керек ал жакта кимдер экенин жакшы билет да озу.
Сокен жеп жебегени жакында билинет. Сокен жебесе, доля албаса, Кумтор баш болгон бут коррупцияга малынган ишеаналарды эмнеге улутташтырбайт?!! Эмнеге апачык коррупцияга баткан кочмондор люоюнун токтотуп койбойт же андагы коррупцияны жойбойт?!!
Кочмондор оюнундагы коррупция сокурга деле корунуп калды го...