Дайынсыз болуп изделип жаткан 13 жана 15 жаштагы эже-сиңди дале табыла элек
Аламүдүн районундагы үйүнөн 4-август күнү чыгып кетип, ошол күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 13 жана 15 жаштагы эже-сиңди дале табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта Чүй ОИИББинен кабарлашты.
"Өспүрүм кыздар табыла элек. Дагы эле тийиштүү кызматкерлер тарабынан изделүүдө" деп билдиришти мекеменин маалымат кызматынан.
Изделип жаткан кыздардын бири Бегимай Ахматалиеваны 9 айлыгында багып алган апасы Гулипа Насырова кыздардын дайынсыз болуп изделип жатканын өзү бир жумадан кийин гана билгенин айткан.
15 жаштагы Бегимай Ахматалиеванын бою 160-165 сантиметр, чачы узун. Ак футболка, кара түстөгү жынсы шым жана кара түстөгү кеда кийип жүргөн.
13 жаштагы Аземгүл Койлубаеванын бою 160-165 сантиметр, чачы далысына чейинки узундукта, бетинин сол тарабында меңи бар. Күлгүн түстөгү футболка, кара түстөгү жынсы шым, кара бут кийим кийип жүргөн.
Өспүрүм кыздарды көргөн-билгендер болсо, 0 (312) 36-35-27, 0 (550) 51-09-05, 0 (700) 20-96-66 же 102 номуруна чалып, кабарлап койсоңуздар болот.


