super.kg logo

Кырчында Кыргыздын намысын коргой турган алгыр бүркүт жоголду

 

Кырчын жайлоосунда алгырлыгы боюнча өлкөдө 1-орунда турган бүркүт жоголду. Бул тууралуу мүнүшкөр Нурлан Молдакунов SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, Чабалекей аттуу бүркүт III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында салбуурун боюнча мелдешке даярданып жаткан учурда Кырчын жайлоосунда жоголгон.

"22-август күнү кечке маал тандоо турунан өткөн бүркүттөр менен биргеликте салбуурунга арналган жерде даярданып жатканбыз. Адаттагыдай эле кушту коё берген маалда ал алыс эмес жердеги бак-дарактардын арасына учуп кирип кетип эле жок болуп кетти. Дароо артынан барып издедик, бирок тапкан жокпуз. Чабалекейге окшош кушту жайлоодон алыс эмес жерде жашаган айыл тургуну көрүптүр. Азыркы тапта кушту издеп, жакынкы арада табылып калар деп үмүт кылып жатабыз", - дейт куштун ээси.

Бүркүттүн паспорту жана микрочиби бар, ал каттоодон өткөн.

"Мен Чабалекей менен көптөгөн эл аралык мелдештерге катышып келгем. Көздөрүнүн түсүнө карап көпчүлүк ага Орус деген ат коюшкан. Бирок Көчмөндөр оюндарында келген конокторду таарынтып албайлы деген максатта ага Чабалекей деген ат коюну туура көргөнбүз", - деп кошумчалады Молдакунов.

Эгерде Нурлан Молдакуновдун бүркүтүн көргөн билгендер болсо 0700 14 48 69 номуруна чалып кабарлап койсоңуздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.08.2018. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Табылып калса экен, Кудай буйруп
24.08.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ат аяган жер карайт, куш аяган кок карайт дейт беле. Жерде басып жургон жаныбар болсо да копчулук карап тааныйт эле.
24.08.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш болсода эркин жашоону каалагандыр балким
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: