super.kg logo

Кубанычбек Кулматовдун тарапташтары сотко "Кулматов - Кыргыз жараны" деген жазуулары бар футболкаларды кийип келишти

 

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартуу маселеси каралууда. Сот отуруму жабык өтүүдө. Сот алдында Кулматовдун жубайы, 30-40ка жакын тарапташтары жана жакындары жүрөт. Айрым тарапташтары сотко "Кулматов - Кыргыз өлкөсүнүн жараны" деген жазуулары бар футболкаларды кийип келишти.

Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.

Мындан улам ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 28-июнга чейин камакка алынган. Андан соң ушул эле райондук сот Кулматовду камакта калтыруу мөөнөтүн 28-августка чейин узарткан. Жогорку Сот да Кулматовду 28-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
24.08.2018. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россиянын жараны бул Кулматов. Өтө чоң коррупциялык схемалардын башында турган адам. Кустуруш керек мындайларды
24.08.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов сыяктуу ТЭЦ модернизациясы боюнча камакка алынгандар өз алдынча саясий көз карашы бар адамдар эмес. Андыктан буларды оппонент деп атоого болбойт. ТЭЦтеги реконструкцияга байланыштуу чуулуу иште коррупция бар экени баарына белгилүү. Анда келишим түзүп, кол койгон адамдарды камабаганда, кимди камаш керек? Менимче муну коррупция менен күрөш деп айтууга толук негиз бар.
24.08.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кокууй...фудболка кийгендер америкада жүрүшөбү эмне?
24.08.2018. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча учун кандай гана нерсе еылбайт ээ адамдар!?
24.08.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Футболка кийген тарапташтарын да кармаш керек, атасынын Америкасыбы бул жер.
24.08.2018. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bond02,силер орускулдар анда эмнеге орусча суйлойсунор Кыргызстанда? орусиябы Кыргызстан?
progresskg түзөттү 2018-08-24 13:58:13
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: