Бишкектеги "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттик кубок старт алды

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогу старт алды.
SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын көк бөрү федерациясы билдиргендей, аталган мелдеште 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтагы оюндар 26-августка чейин уланып, жарым финалдык беттештер 28-августта орун алат. Ал эми мелдештин финалы 30-август күнү өтөт.
Чүчү кулактын жыйынтыгы:
- "А" тайпасы: "Арашан", "Толкун", "Сын-Таш";
- "В" тайпасы: "Четинди", "Сокулук", "Шыралжын";
- "С" тайпасы: "Нурлан Көк-Жал", "Төш-Булак", "Сары-Өзөн Рассвет";
- "D" тайпасы: "Бакубат-Талас", "Келечек, "Алыкул".
24-августта орун ала турган беттештер:
- "Арашан" - "Толкун";
- "Четинди" - Сокулук";
- "Нурлан Көк-Жал" - "Төш-Булак",
- "Бакубат-Талас" - "Келечек".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.