super.kg logo

"Азия Микс" калыстар тобунун чечими менен КВНдин жайкы кубогун жеңгени менен, кубокко ээ болгон жок

 

"Азия Микс" командасы КВН союзунун Жайкы кубогунда астаналык "Спарта Номад" клубу менен тең чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG`ге команданын мүчөсү Ростислав Ященко билдирди.

"23-августта Сочи шаарында эл аралык КВН союзунун Жайкы кубогу үчүн акыркы 2 жылдагы чемпиондор "Спарта Номад" жана "Азия Микс" командалары бет келишти. Оюндун шарты боюнча ар бир команда өзүнө өнөктөш команда тандашы керек эле. Азия Микс командасына "Русская Дорога" командасы жардамга келсе, "Спартанын" өнөктөшү "Радио Свобода" командасы болду. Оюндун алгачкы турларында атаандаштар алдыга озуп чыкканы менен "Азия Микс" оюндун жүрүшүндө эсепти теңдей алды. Жыйынтыгында эки атаандаштын тең топтогон упайлары бирдей болуп, калыстар тобу биздин командага артыкчылык берип, жеңүүчү атады. Бирок КВН союзунун президенти Александр Масляков бул чечимге каршы чыгып кубок КВНдин өзүндө кала турганын айтты. Бир сөз менен айтканда, "Азия Микс" оюнда жеңүүчү болду, бирок кубокко ээ болгон жок", - деп билдирди Ростислав Ященко.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
24.08.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тамашалары укмуш чыгат бирок
24.08.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мм да, Масляков Казахстан утканда берет бекен эле?
24.08.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мени менен иштеген орустар"Азия Микстин"фанаттары!Мага окшоп)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: