super.kg logo
  Саясат  

“Боорукердик” жатак-үйүнүн жетекчиси: "Бир кызматкерибиздин ден соолугунун күтүүсүз начарлашына Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев күнөөлүү эмес"

 
"Боорукердик" үй-интернатынын жаңы дайындалган директору Үмүтхан Жусупова түшүндүрүү учурунда

Бүгүн, 1-июлда саат 14:00дө Ош шаардык мэриясында “Боорукердик” жатак-үйүнүн эмгек жамаат маалымат жыйын өткөрүштү. Эмгек жамааты буларды айтып беришти. 21-июнда шаардын вице-мэри Дастан Ходжаев аталган жатак-үйгө барып ал мекемеге жаңы дайындалган жетекчи Үмүтхан Жусупованы (сүрөттөгү кызыл кийимчен айым) жамаат менен тааныштырган. Алгач  вице-мэр Дастан Ходжаев ал жердеги кызматкер Жаркынай Маматуллаевадан директордун иш бөлмөсүнүн ачкычын 3-4 жолу суроого аргасыз болгон. Анткени аталган кызматкер "жаңы директор келет" дегенди башында жакшы түшүнбөй калган. Ал жерден өзүн жаман сезе баштаган кызматкерге “Тез жардам” кызматы чакырылган. Айта кетсек, ушул окуядан соң вице-мэр кош бойлуу аталган айымдын күтүүсүз ооруп калуусуна күнөөлүү экенин айрым маалымат булактары жарыялашкан. “Учурда Жаркынай Маматуллаева өз жумушунда иштеп жатат, 7 айлык боюнда болгондуктан, биз аны бул жакка алып келе албадык. Буюрса, 15 күндөн кийин декреттик эс алууга чыгат”,- деп билдирди жаңы дайындалган директор Үмүтхан Жусупова. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: