super.kg logo
  Спорт  

Жайкы Азия оюндары: Жакшылык Уранов жиу-житсу боюнча мелдеште коло медаль үчүн күрөшөт

 

Бүгүн, 24-августта Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарында жиу-житсу боюнча мелдеш уланып жатат. Анда спортчулуар 3 салмактык ченде күч сынашууда.

69 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Жакшылык Уранов катышып, коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Жакшылык Уранов алгачкы беттешинде түркмөнстандык Арслан Сетдаровду 2:0 эсебинде утуп, жарым чейрек финалда арабиялык Али-Ахмед Сабахты таза жеңиш менен утуп алды. Чейрек финалдык беттеште Уранов, тилекке каршы, Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Алкирби Талибден утулуп калды, бирок ал финалга өтө алганы үчүн Жакшылык Уранов коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алды. Жарым финалда Уранов иорданиялык Халеб Алхарашех менен беттешип, аны таза жеңиш менен утуп алды.

Коло медаль үчүн беттеште Жакшылык Уранов таиланддык Бантоп Лертхайсонг менен күч сынашат.

Ошондой эле 56 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз спортчу Ариет Бекишов катышкан. Ал алгачкы беттешинде кытайлык Лю Хсунг Конгду утуп, чейрек финалда Бириккен Араб Эмираттарынын спортчусу Навад Хамадга утулуп калды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: