Ырчы Самара Каримова Инстаграмда миллион катталуучу топтогонунун урматына борбордо кече өткөрдү























Бүгүн, 24-августта Бишкектеги тойканалардын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова миллион катталуучу топтогону үчүн кече өткөрдү. Салтанатка ар тармактуу чөйрөнүн өкүлдөрү, ырчынын курбу-курдаштары, жакын туугандары жана кыргыз шоу-бизнесинен Неля, Нурлан Насип, Айнура Салахидинова, Азиза, Асема Токтобекова, Талант Кадыров, Өктөм Сапар уулу "Dilbar" мода үйүнүн директору, дизайнер-модельер Дильбар Ашимбаева жана башкалар келишти.
Кеченин күнөөкөрү Самара Каримова: "Менин ар бир ийгилигиме ар бир күйөрманымдын, жакындарымдын салымы бар. "1 миллион катталуучу топтоптурсуң" деген кабарды уккандан бери толкунданып, кубанып жатам. Бул кабарды уккан жакындарым "мындай жакшы саамалыкты белгилеш керек, качан майлайбыз" дегенинен 2 күндөн бери белгилеп жатабыз. Кечээ Ош шаарындагы тааныштарыбыз, санаалаштарыбыз келип куттуктап, алар менен белгилегенбиз. Бүгүн Бишкек шаарында белгилеп жатабыз. Кечени аз убакытта уюштургандыктан шоу-бизнестин бардык өкүлдөрүн чакыра алган жокпуз. Айрымдары социалдык тармактагы жеке баракчамда миллион катталуучу топтогонумду уккандар түшүнбөй "миллион сом утуп алдыңбы?" дейт, мен дагы "ооба, миллион уттум" деп тамашалап койдум (күлүп). Миллион катталуучу топтогонумду белгилегенден бери "катталуучуларды сатып алган, анын катталуучулары жандуу эмес" деген ар кандай кептер айтылып жатат. Андай кептерге такыр маани берген жокмун. Анткени айтылып жаткандар калп жана сын-пикирлерди укканга дайым даярмын. Эң башкысы миллион катталуучу башыбызды бириктирип, чай ичкенге жакшы мүмкүнчүлүк берди", - дейт
Кечеге келген меймандардын бири жазуучу Фаризат Асанкалиева: "Бүгүнтөн баштап Кыргыз өлкөсүндө аты аталган 3-миллионер катталды. Биринчиси Раим миллион, экинчиси Дайыр миллион, үчүнчүсү Самара миллион болду. Бул миллион чек эмес, миллиардга жет", - деп тамашалуу сөз айтып, белегин тартуулады.
Кечеге келген ар бир мейман каалоо-тилектерин айтып, ырчыга чыгармачылык ийгилик каалады. Ошондой эле 23-август Самара Каримованын кызы Даткайымдын туулган күнү менен дагы куттукташты. Ар башка чөйрөдөгү инсандардын башын бириктерген кече оюн-зоок менен коштолуп, оюндун катышуучуларына акчалай байгелер берилди.
Кеченин соңунда Самара Каримова ушул даражага жеткирген жолдошу Асан Мансуров экенин айтып, аны менен сыймыктанарын билдирди.
Маалым болгондой, Самара Каримова социалдык тармактагы Инстаграм баракчасында миллион катталуучу топтоп, Кыргыз өлкөсүндөгү алгачкы миллионик аталган.
Самара Каримова Инстаграмда миллион катталуучу топтогонунун урматына кече өткөрдү

Тигине Бек байке, Гулжигит Сатыбековдор интервью берсе эл жакшы коруп угат. Алар оздорун эо астында жакшы алып журушот, обу жоктонбой... Жеке жашоосун шарлана кылышпайт.<
Тообо кылдыыым...
Каяктагы подписчиктерин шылтоолоп той откоргону демек Самаранын акылдуулугунан кабар берет экен да ээ?!!
Эми Асанга окшоп бай жашабасак да, обу жрктонуп болоор болбос нерсеге той откоруп, уйдону нерселерди коомчулукка ташыгандан алыспыз...
Адамды сен байлыгына карап бааласан, мен адамгерчилиги, ар-намысына карап баалаймын.
Дагы сынап коесунар дейт, эл сынаьасын десе шук отурсун, лично чыгармачылыгы менен таанылсын элге...
Жакшы жанылыгы менен болушсо эл да жакшы пикир калтырат... Обу жоктоно берсе ким жакшы пикир калтырат ыя?!! Эртен мышыгы тууп, ошого той откорсо, ошондо да сага окшогондор мактап турса керек, Асан менен Самаранын жакшылыгынан мышыгы тууп отурат деп.....