super.kg logo
  Спорт  

Жайкы Азия оюндары: Буга чейин 6 медал тагынган Кыргыз велоспортчусу Евгений Ваккер бул ирет 17 спортчунун арасынан 11-орунду ээлеп калды

 

Жайкы Азия оюндарынын 6 медалынын ээси Кыргыз веложарышчы Евгений Ваккер Индонезияда өтүп жаткан Азия оюндарында 11-орунду ээлеп калды.

Бүгүн, 24-августта Индонезиянын Палембенг шаарында 40 чакырым аралыктагы веложарыш орун алып, ага Кыргыз өлкөсүнүн атактуу велоспортчусу Евгений Ваккер катышты.

Мелдеште жалпы 17 спортчу катышып, Евгений Ваккер фиништик чийинге 1 саат, 3 мүнөт 34,12 секундда жетти. Бул жыйынтык менен Кыргыз спортчусу 11-орунда жайгашты.

Мелдештин жеңүүчүсү 55 мүнөт, 37,13 секунд жыйынтыгын көрсөткөн казакстандык Алексей Лютценко болду, 2-орунду өзбекстандык Муратжан Халмератов 57 мүнөт 10,52 секунд жыйынтыгы менен ээледи. Ал эми коло медалдын ээси 57 мүнөт, 19,20 секунд жыйынтыгы менен япониялык Беппи Фумуюки болду.

Эске салсак, Кыргыз велоспортчу Евгений Ваккер буга чейин 6 Жайкы Азия оюндарына катышып, аларда 5 күмүш жана 1 коло медаль тагынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.08.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карыды да
24.08.2018. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер себеби эмнеден экенин толук жазып кетсенер болмок.Ваккер жалан туз трасса менен жарышып келген как спринтер а бул жолкусунда уйуштуручулар 40км аралыктын 17км сын подъем кылып горный спринтерди кошуп койушкан экен.ошондуктан женилип калды.
25.08.2018. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жакшы болот ошол деле
26.08.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирде жигит тоо минет, бирде жигит жоо журот. Евгений Ваккерди сыйлайм. Кыргыз намысын коп жерден которуп кеткен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: