super.kg logo

Нарын. Нарын шаарында 5-республикалык театралдык фестиваль башталды

 
Театралдык фестивалдын ачылыш аземи
Борбордук Ленин көчөсүндөгү майрамдык жүрүш
Борбордук Ленин көчөсүндөгү майрамдык жүрүш
Борбордук Ленин көчөсүндөгү майрамдык жүрүшкө калыстар, өкмөттүн өкүлдөрү да катышышты
Ак элечек кийген апалар-театр артисттери
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков куттуктоо сөзүн сүйлөөдө
Таттыбүбу Турсунбаеванын агасы Нурканбек Турсунбаев
Ош облустук "Дидар" куурчак дарама театры койгон "Достор күндү куткарды" спектаклинен бир көрүнүш
КРнын эмгек сиңирген актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү
Калыстар тобу коюлган спектакльди кылдат баалашууда
Балдар куурчак театрлары койгон оюндарга көп келишүүдө
Ош облустук "Дидар" куурчак драма театрынын жамааты

Бүгүн, 1-июлда Нарын шаарында КРнын Эмгек сиңирген актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналган 5-республикалык театралдык фестиваль башталды. Иш-чарага өкмөттүн облустагы өкүлү Канатбек Муратбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, фестивалды ачып беришти. Облус башчы Канатбек Муратбеков маданият тармагына салымын кошкондугу үчүн “Маданияттын эмгек сиңирген ишмери” деген төш белги менен сыйланды. Ошондой эле фестивалга актрисанын агасы Нурканбек Турсунбаев да келип сөз сүйлөп, ыраазычылыгын билдирип, фестивалдын жүрүшүндө Таттыбүбү Турсунбаеванын фонду тарабынан 2 мыкты актрисага сыйлыктар ыйгарыла тургандыгын белгилеп өттү. Ал эми фестивалдын калыстарынын катарындагы белгилүү актрисалар жана актёрлор: Жамал Сейдакматова, Назира Мамбетова, Кыргызбай Осмонов, Марат Шарафуддинов, Бейшенбек Калыковдор 4 күндүн ичинде коюлган спектаклдердин мыктыларын тандап, жыйынтык чыгарышмакчы. Белгилей кетсек, фестивалга 18 театр, 300дөн ашык артисттер өлкөнүн бардык бурчтарынан келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: