super.kg logo
  Саясат  

Депутат Аида Исмаилова: "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырбоого кызыкдар күч бар деп айта албайм"

 

Алты жылдан бери айтылып, ишке ашпай жаткан "Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурады. Аталган долбоор ишке ашса жол кырсыгы азайып, коомдук тартип сакталат деп айтылат. SUPER.KG порталынын "Бул долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар тымызын күчтөр болушу мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты, "Коопсуз шаар" долбоорунун тендердик комиссиясынын мүчөсү Аида Исмаилова жооп берди.

Исмаилова бул маселе боюнча азырынча эч нерсе айта албай турганын айтты.

"Тендердик комиссия дагы чогулушу керек. Азырынча чогула элекпиз. Кечээ техникалык мүчүлүштүк болду. Ошол боюнча адистер иштеш керек болчу. Анан адистердин жыйынтыгын угуп комиссия чечим кабыл алат. Далилдер жок болгондон кийин долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар күч болгон деп айта албайм", - деди Исмаилова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Абдыбек Дүйшалиев, Зиядин Жамалдинов, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: