super.kg logo
  Саясат  

Депутат Абдыбек Дүйшалиев "Коопсуз шаар" долбоорунун үзгүлтүккө учурашы боюнча: "Техникалык кемчиликтер бар экенин мурда айткам"

 

Алты жылдан бери айтылып, ишке ашпай жаткан "Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурады. Аталган долбоор ишке ашса жол кырсыгы азайып, коомдук тартип сакталат деп айтылат. SUPER.KG порталынын "Бул долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар тымызын күчтөр болушу мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты, "Коопсуз шаар" долбоорунун тендердик комиссиясынын мүчөсү Абдыбек Дүйшалиев жооп берди.

Ал "Коопсуз шаар" боюнча техникалык документацияны карап жатканда катышканын билдирди.

"Ошондо техникалык каталар көп экенин айткам. Кат түрүндө дагы техникалык катаны жоюу боюнча кайрылгам. Кечээги конкурска бошобой калгандыктан бара албай калдым. Ал эми долбоордун ишке ашканына каршы болгон күчтөр бар же жок экени тууралуу билбейм", - деди Дүйшалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исмаилова, Улугбек Ормонов, Зиядин Жамалдинов, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: