super.kg logo

Тендердик комиссия: "Коопсуз шаар" боюнча аукцион кайра өтөт"

 

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча үзгүлтүккө учураган аукцион кайрадан өтөт. Бул тууралуу 24-августта тендердик комиссиянын төрагасы Кубаныч Шатемиров билдирди.

"Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча аукцион техникалык себептерден улам үзгүлтүккө учурагандыгынан кабарыбыз бар. "Mega-Line" компаниясынын сунуш кылган суммасы тендердин суммасынан бир топ эсе жогору, тактап айтканда, 50 миллиард сомдон жогору болгондуктан, систем автоматтык түрдө аукционду токтоткон. Мындан улам башка эки компаниянын сунуш кылган суммасы ачыкталбай калган.

Сунушталган сумманын эмнеге аябай жогору болуп калганын айтыш кыйын. "Мегалайндын" өкүлдөрү да экрандан мындай сумманын чыгып калышына таң калганын билдирип жатышат. Системге маалыматтарды киргизип жаткан учурда "Мегалайндын" өкүлдөрү адашып туура эмес сумманы киргизип алган болушу мүмкүн. Анткени ар бир адам адашып калышы мүмкүн. Ал учурда интернет үзгүлтүксүз иштеп жаткан жана сырттан таасир этүү аракети болгон эмес деп ишенимдүү түрдө айтсак болот.

Ушул себептен аукциондун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайрадан башка аукцион өткөрүү чечими чыгарылды. Так датасы жакынкы күндөрдө белгилүү болот. Буга байланыштуу 2019-жылы ишке киргизүү каралып жаткан "Коопсуз шаар" долбоору дагы белгисиз мөөнөткө жылдырылат", - деди Шатемиров.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: