super.kg logo
  Саясат  

Сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков: "Коопсуз шаарды" ишке ашырууга тоскоолдук кылган тараптар жок"

 

Алты жылдан бери айтылып, ишке ашпай жаткан "Коопсуз шаар" долбоору кайрадан үзгүлтүккө учурады. Аталган долбоор ишке ашса жол кырсыгы азайып, коомдук тартип сакталат деп айтылат. SUPER.KG порталынын "Бул долбоорду ишке ашырбоого кызыкдар тымызын күчтөр болушу мүмкүнбү?" деген соболуна Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков жооп берди.

Озумбеков билдиргендей, бул долбоорду президент, премьер-министр да колдоп жатат.

"Менин оюмча, долбоорду ишке ашырууда тоскоолдук кылууга мүмкүнчүлүк жок. Анткени бул долбоорду президент, премьер-министр да колдоп жатат. Бул социалдык маанилүү долбоор. Азыр күнүнө 3 киши жол кырсыгынан каза болот деген маалыматтар бар. Ошондуктан бул долбоордун мааниси чоң. Аукционго мыйзам чегинде талапка жооп берген 3 эле компания катышып калды. Анын биринин сунуштаган суммасы белгиленген чектен көбүрөөк болуп калды. Бул механикалык ката болуп калышы деле ыктымал. Анткени мындай чоң сынакка катышып жаткан учурда документ топтоо, толтуруу учурунда ката кетип калышы мүмкүн", - деди Озумбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Абдыбек Дүйшалиев, Зиядин Жамалдинов, Аида Исмаилова жана мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу боюнча эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: