Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга жасаган мамлекеттик иш сапары аягына чыкты (фоторепортаж)
























Президент Сооронбай Жээнбеков 23-августта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча мамлекеттик сапар менен аталган өлкөгө барды.
Мамлекеттик иш сапардын биринчи күнү Ашхабад шаарында Жээнбеков Түркмөнстандын президенти менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулады. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга жана эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган башка бир катар документтерге кол коюлду. Президент жетектеген делегация менен бир топ өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары барды.
Сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Ашхабаддагы Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө барып, гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы ошондой эле мавзолейдин жанында жайгашкан мечит менен таанышты.
Андан соң Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын эгемендик монументине гүлчамбар коюп, ардактуу меймандардын багына көчөт отургузду.
Сапардын соңунда президент Ашхабаддагы текстиль комплекси менен таанышты.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-августка пландалган Арал деңизин сактоо эл аралык фондунун саммитине катышууда.



Болушунча мактай бергиле Сокенерди соз менен. Жыргатып иш жасаганын коро элекпиз.
Колунан иш келбеген Сокени кечке мактоодон уялбадынарбы?!! Кайсы кыйраткан иши учун Сокени мактаса болот, айткылачы?!! Эч болбосо эл менен жолугууга духу жеткен жок Сокенердин, дужурлоруно учурап кайтты, ошончо облус кыдырып...
Соке кандай иштеп жатканын бир сен эмес, жалаюпы эл коруп турат. Тоодой убаданы берип бир кыйраткан иши жок Сокеге наалаттар жаап жатат... Бийликке келгенине 1 жыл болду, балжжнин ишин да кыла элек. 10-15 кишини камап коррупция менен курошуп жатам деп бакылдайт. Популист.
Мына бийлик ьашына келгенине 1 жыл болду, эмне кылып кыйратты Соке?!!
Ошобу коррупция менен системалуу курошуп жатканы Сокенин?!!
Ошко мэр бооуп келген Таалай Сарыбашев Алайдын жайлоолорун Озбекистанга ижарага беребиз деп чыкпады беле, ар гектарын 2$га баалап. Бугун ошол Ошто мэр...
Тышта миллиондон ашуун жаран мигрант болуп тентип, ар жылы Кыргызстанга 2-3 миллиард доллар которот, бирок бийликтегилердин айынан ошончо акча да олконун онугушуно салым кошо албай келет...
Соке 60ка чыккыча кыйратпаган, эми кыйратмак беле деп айтып келгем, мына, ошол создорум
Ойлонуп анан жаздыңбы тууган? Ал акчаны мамлекетке салып аткан жок мигранттар. Ошол млд акчалар болбогон тойдогу чыгаша салттарга кетип атат. Кыргызды той кууратмай болду! Той болсун бирок эби менен болсо кана. Элибиз качан түшүнөт, качан кыйналып тапкан акчасынын баркына жетет, качан ар бир жаран өзүн эмес мамлекетти, келечекти ойлойт, мына ошондо алдыга жылуу
Бут кафе-ресторан, санатория, мейманкана, кирпич заводу, башка заводдордун ээлери депутат, министр болуп бийликте отурат. Олкодо 1000 ишкана бар болсо, салыктан качпай, отчетун ьурмалабай толук салык тологону 5-10 ишкана, калганы бут баары салыктан качат
Ал эми сен Сокенин арыгын чапсан ары бапы чапя бутка оролошпой!!! Болбосо бирди коруп каласын!!!