Жайкы Азия оюндары: Волейбол боюнча Кыргыз курамасы 2-ирет жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеди

Индонезияда өтүп жаткан Жайкы Азия оюндарынын алкагында волейбол боюнча мелдешке Кыргыз курама командасы Индонезия курамасынан жеңилип калды.
Бүгүн, 24-августта Жакарта шаарындагы "GBK Tennis Indoor" аренасында волейбол боюнча мелдештин "А" тайпасында Кыргыз менен Индонезиянын курамалары кез келишти.
Беттештин жүрүшүндө индонезиялык волейболчулар алгачкы 3 партияда тең утуп, жеңишке жетти. Биринчи партияда индонезиялыктар эсепти 21:25, экинчи партияда 17:25 жана 3-партияда 20:25 кылып кетти.
Муну менен Кыргыз курама командасы "А" тайпасында 2-ирет жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеди.
Буга чейин Кыргыз курамасы Сауд Арабия менен беттешип 1:3 эсеби менен утулуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
monster_high_98

24.08.2018. 20:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Волейболчуларды колдоо жок!Онол айтканго тренировкадан кийин кошумча иш кылып,акча табабыз,а Таиландда только тренировка акчаны норма толошот дегендей айткан!Спортко жакшылап конул болушпогондон кийин калп эле "намыстанымыш"болбогула женилгенибизге! ИЙГИЛИК силерге да бир кун конул болушот.Чокпогуло!Ушул корсоткучтор да эн мыкты!Азаматсынар!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.