super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу: "Бакубат-Талас" командасы атаандашын ири эсепте утуп алды

 

Бүгүн, 24-августта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогу старт алып, 1-турдун беттештери өттү.

Аталган мелдешке 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Мелдештин алгачкы күнү ар бир тайпадан 1 беттеш өттү.

Алгачкы беттеште Бишкектин "Арашан" командасы менен Ысык-Көлдүн "Толкун" командалары кез келишти. Беттештин 3-бөлүгүндө жыйынтык 4:4 деп катталып, командаларга кошумча 10 мүнөт берилди. Кошумча убакытта командалар тай казанга улак таштай албай, булиттер сериясы орун алды. Анда "Арашан" командасы алгачкы 2 улагын тай казанга таштай албай 3-мүмкүнчүлүгү менен гана колдоно алды. Ал эми "Толкун" командасынын улакчылары 3 улакты таштады. Жыйынтыктоочу эсеп 5:7 болуп, "Толкун" командасы жеңишке ээ болду.

Күндүн 2-беттешинде "Четинди" (Чүй) менен "Сокулук" (Чүй) командалары кез келди. "Четинди" командасы атаандашынын тай казанына 4 ирет улак таштаса, "Сокулуктун" улакчылары 1 улак менен гана жооп бере алды. "Четинди" 3 упайга ээ болуп эсеп 4:1 менен аяктады.

3-беттеште Чүйдүн дагы 2 командасы күч сынашты. Анда "Нурлан Көк-Жал" менен "Төш-Булак" командалары кездешип жакшы оюнду көрсөтө алышты. Жыйынтыктоочу эсеп 2:1 болуп, "Нурлан Көк-Жал" жеңишке ээ болду.

Күндүн акыркы беттешинде таластык "Бакубат-Талас" командасы менен бишкектик "Келечек" командалары таймашты. Беттештин жүрүшүндө "Бакубат-Талас" атаандашына бир дагы мүмкүнчүлүк бербей 9:0 ири эсебинде жеңишке жетти.

Эртең, 25-августта тайпалык баскычтын 2-туру өтүп, анда дагы 4 беттеш орун алат.

24-августта өткөн беттештердин жыйынтыгы:

  • "Арашан" - "Толкун" - 5:7;
  • "Четинди" - "Сокулук" - 4:1";
  • "Нурлан Көк-Жал" - "Төш-Булак" - 2:1,
  • "Бакубат-Талас" - "Келечек" - 9:0.

25-августта орун ала турган беттештер:

  • "Арашан" - "Сын-Таш";
  • "Сокулук" - "Шаралжын";
  • "Төш-Булак" - "Сары-Өзөн Рассвет",
  • "Келечек" - "Алыкул".





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.08.2018. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алыкул командасы алга
24.08.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар
25.08.2018. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге жылда жаны команда сары озон достук башкалар жокпу 2 3 бала келсе эле жаны команда болуп калабы
25.08.2018. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эмне үчүн түштүк тараптан бир да команда кошулган жок?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: