super.kg logo
  Саясат  

Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку төрагасы: "Коррупция менен күрөшүү аракетимден улам Сапар Исаков кызматтан бошотту"

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков камактан жактоочулары аркылуу интернет баракчасына билдирүү таратты. Билдирүүсүндө "Менин көз карашымда мени жана орун басарымды Сапар Исаков коррупция менен күрөшүү аракетибизден улам кызматтан алган" деп жазган.

Ошондой эле Казаков фондду жетектеп турган 8 ай аралыгында жасалган иштерди тизмектеген.

"Өлкөнүн өкмөт башчылыгында Сооронбай Жээнбеков турган учурда анын жана өкмөттүк аппараттын көмөгү менен мамлекеттин эсебине конфискацияга алынган 105 объект өткөрүлдү. Дагы бир объект карыздын эсебинен соттун чечими менен өткөрүлгөн. Ал мүлктөрдү мамлекеттин эсебине өткөрүү боюнча соттун чечими эчак эле чыкканына карабастан аларды мурдагы ээлери пайдаланып келген. Мамлекеттик мүлктөрдү эффективдүү пайдалануу менен республикалык бюджетке 2 миллиард 800 миң сом каражат которулду. Мындан тышкары өлкөнүн казынасына "Альфа Телеком" ААКсынан 5 миллиард 500 миң сом акча түшкөн. Жылпысынан 8 ай аралыгында өлкөнүн бюджетине 8 миллиард 300 миң сом түшкөн. Ал кезде биздин алдыбыздагы план 2 миллиард 200 миң сом болчу", - деп жазган ал.

Муну менен катар эле ал бир катар аткарылган иштерди атап, Жээнбеков премьер-министрлик кызматтан кеткенден кийин пландалган долбоорлор ишке ашпай калганын кошумчалаган.

"Жээнбеков өкмөт башчылыктан кеткенден кийин "Кыргызтелекомдун" базасында "Коопсуз шаар" долбоорун жана малекеттик маанидеги документтерди "Учкун" ишканасынан даярдоо аракети да ишке ашпай калды" деген Казаков муну кийинки премьер-министр Сапар Исаковдон колдоо болбогондугу менен байланыштырган.

"Андан кийин Исаков мени жана орун басарымды кызматтан мыйзамсыз түрдө бошотту", - деп жазган ал.

Айта кетсек, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон 48 VIP-коттеджди арзан саткан деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: