Өлкөдө 1-сентябрга карата 27 мектеп жана 4 бала бакча ачылат




Быйылкы жылдын аягына чейин 150 социалдык объектини аяктоо пландаштырылган, алардын 77си билим берүү объектилери, ал эми 1-сентябрга карата 27 мектеп жана 4 бала бакча ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2018-жылы капиталдык оңдоо объектилеринин тизмесине 90 объект киргизилген. Алардын 57си билим берүү объектилери.
"2018-2019-жаңы окуу жылынын башталышына карата 27 мектеп жана 4 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылган. Анын ичинде өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган жана ыкчам тартиптеги тизмеге киргизилген объектилер бар. Мындан тышкары 2018-жылдын долбоорлоо тизмесине 56 билим берүү объектиси кирген, алардын ичинде 44 мектеп жана алардын спорт залдары, 12 бала бакча бар", - деп жазылат маалыматта.
Жалпысынан 2018-жылы 150 социалдык объектини аяктоо пландалууда.
Былтыр 99 объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталган, анын ичинде 59 билим берүү объектиси бар.




1 |