super.kg logo

Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган конференция өттү

 

Азербайжан өлкөсүнүн Баку шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган конференция өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Түрк тилдүү улуттардын жазуучулар биримдигинин Азербайжан өлкөсүндөгү жетекчиси Экбер Кошалы билдирди.

"Баку шаарында жазуучу Чыңгыз Төрөкуловичтин чыгармачылыгына арналган "Айтматов адамзатты бириктирген феномен" деп аталган конференция өттү. Иш-чара Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган. Ага Кыргыз мамлекети, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия жана Египет өлкөсүнөн келген адабият өкүлдөрү катышты. Чыңгыз Айтматов бир гана кыргыз элинин эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн жазуучусу. Ал бүтүндөй дүйнөгө белгилүү жазуучу. Андыктан мындай иш-чаралар биздин өлкөбүздө байма-бай өткөрүлүп турушу шарт", - деди Экбер Кошалы.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана башка бир нече өлкөлөрдө өтөрү пландалууда. Ал эми эл аралык "Түрксой" уюму 2018-жылды "Чыңгыз Айтматов жылы" деп жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: